Аңкир-мүңкүр менен кармашам деп — коркунучтуу окуя

от admin

Айылда бир киши каза болуп, төрт-беш жигит мүрзө казганы көрүстөнгө келишет. Казып бүтүп айыл четине келишет да аракка киришет. Улам-улам бирөөсү чуркап, аз болуп отуруп бир топ кызып калган соң, ар кимиси өз алдынча бакылдап, урунаарга тоо таппай, кыскасы ичкилик жаш жигиттерди» эрдикке» тартып туруп алат. Ошондо күрсүйгөн бирөөсү «эр болсоңор мелдешели, бүгүнкү казган көргө кимиңер кирип бир саат жата аласыңар?» деп калбайбы. Мындайды күтпөгөн беркилер эмне дээрин билбей туруп калышат. «Ии, эмне унчукпайсыңар ия, мөөрөйүңөрдү сайгыла, мына мен кирип жатып берем!» Бир экөө «койсоңчу» демиш этет. Күүлөнүп алган неме койебу, тура калып жөнөп берет. Ачык көргө кайра келишет. «Мен азыр кирип жатам, келчү аңкир-мүңкүрү менен бир кармашып көрөйүн. Силер таш менен корумдап койгула да алысыраак басып кеткиле. Бир саатта кайра келип тартып аласыңар мени».Айтат да кетменди алып көр ичине түшүп кетет. Достору оозун жаап нары басышат. Арадан он, он беш мүнөт өтпөй көрдөн чыңырган үн чыгат. «Аңкир-мүңкүрлөр менен кармашып атат окшойт» дешет беркилер. Дагы бир аз отуруп «кой мунун дайнын билеличи» дешип көргө келишет кайра. «Эй чыкпайсыңбы, утук сеники» дешет. Жооп жок. Экөө түшө калып караса тиги кыймылсыз сулк жатат. Бери тартышса эчак мүрт кеткен экен. Кетмендин сабы жанында жатат, темирин болсо кокосуна кийгизип кетиптир. Атбашы району

Последние посты