Жайлоодогу сырдуу окуя — коркунучтуу окуялар

от admin

Бул окуя Аксы районуна караштуу «Баялы-Ата» айылынын «Сарыташ» жайлоосунда болуп өткөн. Жайлоо ыраак болгондуктан, жеңил автомобиль менен үйбүлөгө кошо, жаш Элвира аттуу 12 жаштагы кыз да жайлоону самап, эс алганы кошо барат.
Жайлоодогу ошол жай мезгилиндеги түнкү сырдуу окуяны алгач Элвира баамдап калат. Бул жөнүндө ал болгонун-болгондой мындайча айтып берди:
-Бул кечте жайлоого барган жеңил автомобилдин магнитофонун айдоочу машинаны токтоткондо кошо токтоткон. Күндөгүдөй каалгасын бекемдеп коет. Ошентип кечки тамакты ичип бир аз аркы-беркини жобурашкандан кийин, жай салынып, баарысы уйкуга көздөрүн ирмешет.
Элвира уйку-соонун ортосунда жатып, күндүзгү жагымдуу музыка кайрадан сыртта токтоп турган жеңил автомобилден чыга баштаганда, эки жагын караса айдоочу да баарысы уктап жатышканын көрүп таң калат да, айдоочуну ойготуп, «сиз магнитофонду өчүрдүңүз беле?» дегенде айдоочу чатырдан сыртты көздөй чыгып, ширеңкесин тамыза, машинанын кабинасын сырткы айнектен карап, таң кала эч ким жок, эшиги жабык, ичиндеги магнитофону ырдап жатканын өз көзү менен көргөндө эси ооп кала жаздайт. Мына ушундай сырдуу табышмактардын болуп келгенин «Сарыташ» жайлоосунда болгондор көп эле айтып жүрүшөт.
Элвира бул окуяны айтып берип бүткөндө, сен калп сүйлөп атсаң керек деп айтсам, ал мага таарынгансып, сизге кантип калп айтам, ишенбесеңиз бул окуя тууралуу айдоочудан да сураңыз деди.

Последние посты