Каражолтой үй — коркунучтуу окуя

от admin

Карабуура районунун Аманбаев айылындагы Токтогул Бабанов көчөсүндө илгери орустун чиркөөсү жайгашкан экен. Коомчулукту атеизмге үндөп жүргөн убакта, 1937-жылдары ошол чиркөөнү буздурушуп, ордуна чоң универмаг салынган болчу. Кийинчерээк универмаг өзүнөн өзү урап түшкөндөн кийин, анын жанынан Койбагар аттуу киши келиштирип чоң үй салып жашай баштайт. Бирок ошол үйдө жашаган келинчеги Салкын эмнегедир көп ооруй берет. Күндөрдүн биринде анын көзүнө кадимки эле чиркөө кызматкери — поп көрүнөт. Жүрөгү түшкөн аялдын тынчы кетет. Коркконунан жана жакшы боло албаганынан улам алар үйүн сатып, Шекер айылына көчүп кетишет. Андан кийин тамды бардар чабандын баласы, Өскөн сатып алат. Жаңы үйдө жашагандан баштап эмнегедир анын да келинчеги Венера ооруй баштайт. Өзү мал кайтарып тоого кетип, үйдө көбүнчө келинчеги балдары менен калат. Үйүндө жалгыз отурса, башка бөлмөдөн кимдир-бирөөлөр жүргөнсүп, кандайдыр бир үндөр угулат. Шифоньердин ичи ачылып — жабылгандай дабыштар чыгат. Үйгө ууру кирген окшойт деп, келин коркконунан ордунан жылбай отура берет. Бир убакта баягы үндөр басылат. Ал үн басылгандан кийин дабыш чыккан бөлмөгө кирсе, буюмдардын бардыгы чачылбай өз ордунда турат. Эмне болгонун түшүнбөй да калат. Бул үйбүлөнү барган сайын кырсык баса берет. Венера катуу ооруп, операция болот. Ал күндөрдүн биринде уйду бададан тоскону барып, үйүнө кеч кайтат. Үйүнө келсе, үйдө калган беш баласы короодогу диванга тизилип жатып уктап калыптыр. Чарчап келгенге ал да балдарынын жанына жатып, уктап кетет. Уйку-соонун ортосунда мындай түш көрөт: Короо толгон ат дарбазадан бери карай секирип кире баштайт. Биринин артынан бири токтобойт. Маңдайында сакалы узун поп турган болот. Коркуп кетип эле ага тизелеп чокунуп кирет. Ошондо баягы жылкылар дарбазадан секирип, кете башташат. Чоңоюп калган кызына мени үйгө киргиз, ооруп жатам дейт. Кызы жетелеп үйгө киргизгенде эле босогодон эс-учун билбей жыгылып жатып калат. Кайната, кайненеси келип, ага дем салдырткандан кийин келин араң эсине келет. Ошол окуядан кийин ал келин күйөөсү менен ажырашып кетет да, беш баласын алып шаарга кетип калат. Ал эми күйөөсү да үйдү ээн таштап өзүнчө кетет. Ээн калган үйдү түрмөдөн жаңы чыккан, жашы элүүгө чамалап калган киши батирге алып жашап калат. Үйлөнүп, эркек балалуу болуп, сүйүнүчү көккө жетип турган күндөрдүн биринде эшиктен үйгө кирсе, поп сыяктуу бирөө баласын карап турганын көрөт да, эси чыгып кетет. Карып калганда ушул баламды көрдүм эле, баламды жөн коюп, андан көрө мени ал деп жиберет. Ошондон кийин көп өтпөй тиги киши каза болуп калат. Маркумдун келинчеги баласы менен башка жакка көчүп кетишет. Кара жолтой үй экенине карабай бул үйдү бир фотограф фотосалон кылам деп, сатып алат. Бир бөлмөсүн оңдоп — түзөп фотосалон кылат. Бир күнү бирөөнү сүрөткө тартып жатса, поп маңдайында турганын көрүп, жүрөгү түшкөнүнөн эс-учун билбей кулап түшөт. Эмне болсо ошол болсун деп, үйдү таштап көчүп кетишет. Ээн калган үйдү эл бузуп, курулуш материалдарынын баарын ташып кетишет. Ошондон кийин ал жерге эч ким үй салбай калат. Ушул убакка чейин ал жер дагы эле ээн турат. Көрсө, илгери бул жерге чиркөө кызматкери — поптун сөөгү коюлгон деген кептер айтылып жүрөт.

Последние посты