Мектепти жаңы бүтүп, Караколдогу кооперативдик училищага окууга кирдим. Ал кезде дүкөнчү деген шумдук эле кесип эле да. Жаңы эле окуп жатканда кыйраткансып айылга күйөөгө алып качып кетти. Күйөөм Асан түрү серт, менден 5 жаш улуу, бирок өтө кыз жандуу жигит. Армиядан келээри менен колхозго трактирис болуп кирген экен. Үйлөнгөн биринчи түнү эле ал мени жактырбай калды. — Кыздыгыңдын болгону эле болбосо, сенде түк аялзатына ылайыктуу сапат жок экен, — деп, тескери карап жатып алды. Мен ал кезде жаш экемин. Күнөөлүдөй өзүмдү жаман сезип калдым. Ал кезде кетип калуу деген кайдаан, уят эле да. Ала качып барса эле салт деп, баш ийип жашап калчубуз. Экинчи түнү дагы мени менен көңүлсүз болду. Жаш денем жаңы каалап баштаганда, өзүнүкүн бүтүрүп, тескери жатып алды. Денем бир шумдук болуп, белим ооруп жаман болуп калдым…
Көшөгөдө отурганым менен тез кеч кирсе деп тиленем. Кечинде жолдошумду кучактап батыраак төшөк кумарына кангым келет, Же кеч кирбейт мындайда. Ошентип мен күткөн кеч да келди. Кечинде жолдошумду күтсөм жок, айлам алты куруду. Достору менен арак ичип кеткен го деп ойлоп койдум. Түнкү 11лерде терезе тыкылдаганынан парданы ачып карасам, күйөөмдүн досу экен. — Не болду? — десем: — Жүрү күйөөң не кылып жатканын көрөсүңбү? — дейт. Араң турган жаным, атып чыктым. Жолдошумдун үйүнүн огород жагында жесир жеңесинин үйү бар экен. Жолдошу Урмат мени ошол жакка ээрчитти. Жакындап барып терезени шыкааласак, көзүм жамандыкты көрбөсүн, Асан менен жесир жеңеси өлүп талып төшөк кумарына батып жатышыптыр. Көргөнүмдө аялдык кызганыч ойгонбой, кайра денем ого бетер дүүлүгүп, араң турдум. — Урмат, муну мага неге көргөздүң? — дедим мен. — Сенин көзүң ачылсын дедим, сендей аялдын баркын билбеген шүмшүк, жүрү үйүңө жеткирейин, — деп колуман жетеледи. Бир аз басканда калың бактын түбүнөн мени кучактап, өпкүлөп басып жыгылды. Биринчи түртүмүш болгонум менен, ичимен жолдошума эрегишип Урматтын эркине көндүм. Урмат мени шибер чөпкө жыкты да, халатымды көтөрүп, турсийими тиземе чейин чечип, андан ары буту менен чечип салды. Өзүм каалап турган жаным Урматтын алигиси киргенде жан дүйнөм жыргалга батып эрип кеттим. Ал улам теминген сайын жыргайм, бүтүрбөй турса деп тиленем, ал теминбей калса мен жамбашымды көтөрүп теминем… Бир кезде Урматтын шайы оой баштаганын байкадым да, оодарып үстүнө чыгып желип кирдим. Урматым онтоп жатат жыргалга батып, мен ан сайын желем. Канча убакыт билбейм, эс учум жоголуп жыргал болуп баратат. Анымды байкай салдыбы, Урмат мени оодара үстүмө чыкты да катуулап итенип кирди. Бир маалда эле кынымдын ичи ылжырай түшүп ого бетер, ошондо гана Урмат үстүмөн түштү. Экөөбүз тигилердин эшиги кыйчылдагыча кучакташып бак түбүнө жаттык. Тияктан дабыш чыкканда гана эч нерсе билбегендей болуп, акырын бөлмөмө кирип кеттим… Жолдошум бөлмөгө киргенде, мен уктамыш болуп, төшөктү бетиме жаап алып жаткам. Мени ойготпоюн деп акырын төшөктү ачып, четине кыйшая уйкуга кетти. Менин жаш кездеги жашоомдун нугу ушинтип башталды. Той бүтүп мен окуума келдим, 5 күн окуйм, 2 күн күйөөмдүн айлына келем. Күйөөмдүн мени менен иши жок. Келдиңби деп да койбойт. Стипендия 70 рубль алам, андан жагалданып кайненеме берем. Ушу уят деген нерсе үчүнбү, же Урмат аяшым үчүнбү, айылга келе берем. Ошентип мыкый-үкүй болуп окшош күндөр өтө берди. Урмат да эркек, бир күн болбосо бир күн жолдошума айтып койбосун деп аны менен жолукпай калдым. Өзүм жаш болсом, күйөөм тетири караса, не кылат элем, көңүлүм чөгүп жүрдү. Адаттагыдай эле суббота барып кайын журтума, базар күнү кечкисин жолго чыккам. Эртең мененки биринчи пар строгий агайдын сабагы да, кечикпей баруу керек. Көпкө машина чыкпай турду, не кылсам, кайра эртең мененки автобус менен чыксамбы десем, аңгыча эле кызыл Нива келип токтоду. Ичинде айдоочу гана бар экен. — Кайда барасыз, чоң кыз? — деди терезесин чала түшүрүп. — Пржевальскийге. — Мен да ошоякка баратам, түшүңүз ала кетейин, — деди. Сүйүнүп кетип түшүп алдым. Эртең мугалимден тил укпайт экем деп. Жолдо баратып таанышып да алдык, аты Тилекмат экен. — Калбү, бүгүн бош болсоң мени менен майрамдашпайсыңбы, үй-бүлөмдү айылга апарып таштадым, үйдө өзүм жалгызмын, — деп калды. Ансыз да күйөөмө жиним келген жаным, ойлонбой макул дедим. Машина бат эле Пржевальскийдин ары жак четиндеги кабат үйгө келип токтоду. Мени Тилекмат биринчи үйүнө киргизип коюп, өзү машинасын гаражга коюп келди. — Калбү, өз үйүңдө жүргөндөй сез өзүңдү, кардым ачты, тиги муздаткычтан эт алып куурдак куура сал. Тамак жасаган жагынан мастермин да, бат эле, куурдак жасап, столго алып келдим, Тилекмат коньяк алып келди. Эки стаканга жартысынан куйду да, тост сүйлөдү. — Сени менен таанышканыма өтө кубанычтамын, мындан ары жакшы тааныштардан болуп жүрөлү, ошол үчүн алып жиберели. Бир стаканды алып ийген соң, ичим ысып, өзүмдү эркин сезип, кенен сүйлөшө баштадым. Тилекмат менден 13 жаш улуу экен. — Шаардын Горторгунда зав склад болуп иштейм, — деди. Ар кайсыны сүйлөшүп отуруп, коньякты да ичип бүтүп кызый түштүк. Тилекмат мени колдон тартты: — Жүрү Калбү, ичкери жатчу үйгө жаталы — деп. Мен теңселип алып, анын жетегинде жөнөдүм. Ал мени эркелете өпкүлөп, кийимдеримди чечинтип, төшөккө жаткызды. Өзү да чечинип жаныма жатып, өпкүлөй баштады. Көптөн бери күйөөм менен жатпай, эркек жытын сагынган жаным, Тилекматтын үстүнө чыгып, өпкүлөп, жан жериме тигинисин өзүм киргизип желип кирдим. Буулуккан жаным Тилекматтын эсин оодардым. Тилекматтын онтоп жыргаганы, мага жалынганы мага күч берди. Биринчи партиясын бүтүргөн соң, кайра болгум келди. Тилекматты кайра жибитип өпкүлөп, аспабын жумшак колдорум менен сыладым. Анын аспабы да көпкө күттүрбөй чыңала түштү. Аспабын жан жериме сүңгүттүм да, теминип кирдим. Тилекмат алсыз эрип, анда санда гана үнүн чыгарып, алдымда жатты. Аспабы аттырганда гана экөөбүз чалкабыздан жатып калдык. — Мен ушул жашыма чейин көп эле кыздар менен жүрдүм, бирок сендей келинге биринчи кезигишим. Мен сени койо бербейм жаным, сен жатаканада жатпайсың, мен сага квартира жалдап берем, — деп эзилип мээримдүү сүйлөй баштады. Экөөбүз туруп ваннага чайкандык да, суусундук ичип кучакташып жатып алдык. Эртең менен эрте ойгондум. Тилекмат бейкапар уктап жатат. Туруп барып суу ичип келдим да, кайра кучактап, өпкүлөп, жумшак колумду аспабына сүңгүттүм. Көпкө күттүрбөй аспабы чыңала келди, ач карышкырдай үстүнө жаттым да, жанымды сабап желип кирдим. Ал да астынан кыймылдап жатат. Бирок менин жаштыгым баарын жеңип, отура калып, ого бетер катуу теминдим. Тилекмат онтоп барып, эсин жоготту, аспабы бошой түштү. Жанына коомай кучактай жарты саат жаттым да, андан соң ваннага барып чайканып келип, кийиндим. Тилекмат алсыз жатат, бейиште жаткансыйт. — Мен окууга кетишим керек, — дедим. Ошондо гана ордунан козголо, костюмунун чөнтөгүнөн 50 рубл сунду. — Өзүнө жакшы бир белек сатып алчы жаным, ачка кетпе, чай коюп ичип кет. Кетээрде мени менен коштошууну унутпа. Ашканага кирип чай койдум, кечээги куурдактын калганын жылыттым. Чай ич десем, тураар ою да жок. Башым ооруйт зыңылдап, муздаткычты ачсам, жарты бутулкадай арак бар экен. Чай ичип куурдактан жедим да, 100 грамм арактан согуп алдым. Жаткан бөлмөгө кирип, Тилекматтын бетинен өөп коштоштум. — Бүгүн да кечкурун ушул үйгө кел, кошуналар байкабасын, — деди. Акырын эшикти жаап, ылдый түшүп кеттим. Сабакка үлгүрүп кечикпей барганым менен, строгий агайдын сабагында үргүлөп, улам башым партага тийип отурам. Агай анымды байкады, бирок үндөбөдү кудай жалгап. Эптеп эле биринчи пар бүтсө, жатаканама барып жаткым келди, калган парды жыйыштырып коюп. Аңгыча коңгуроо урулуп, биринчи пар аяктаганын билгизди. Арткы партадан жылып, акыркы болуп чыгып баратсам, строгий агай токтотту. — Бейшенбиева, токточу! Коркконуман катып туруп калдым. — Бейшембиева, сен ооруп жүрөт окшойсуң, бүгүн түштөн кийин кабинетиме келип кезигип кетчи. Мына балээ накта мени эми өлтүрө урушат. — Макул агай, — дедим да, ылдам басып чыкканча шаштым. 2-парды ойлогон да жокмун, башым ооруп жатат деп, жатаканага барып уйкуга кириштим. Канча уктаганым белгисиз, ойгонсом түш болуп калыптыр, Ашыгып туруп, жуундум, чай ичкен да жокмун. Кыздар келгиче көрүнбөй чыгып кетейин деп чыгып кеттим. Тилекмат берген 50 рубль мени кытыгылап жатат. Ал кезде Столовой мода эле, 80 тыйынга лагман келет. Лагман, нан чай алып курсакты тойгуздум да, строгий агайга жөнөдүм. Кабинетин акырын ачканда агай өзү жалгыз экен. — Кир, атың ким эле? — Калбү. — Калбү, кел отур, кийинчерээк сабакка көңүлүң жок, сени айылдан келип окуйт, күйөөгө чыккан дешти, ушул чынбы? Башымды ийкедим. — Күйөөң же кайненең жаманбы? Эмне проблемаң бар, жардам берейин. Строгий агай мээримдүү болгонго эркелеп кеттимби, ыйлап жибердим. — Мен күйөөм менен жашагым да келбейт, ата энем үчүн элден уялып жашайм. — Кой антпе Калбү, мен сага жардам берем окууңа, азыр, — туруп барып кабинетин бекитти. Кабинетинин ичкери бөлмөсү бар эле караңгы, иш кагаз койчу. Ошол жакка жетеледи. Башым чала жазылган жаным агайыма каршылык кылбай, артынан кирип бердим. Полдо дорожка бар экен, кабинеттин эски пардасын астыга салды да, мени өпкүлөй чечинте баштады. Өзү уялбагандан мен уяламбы, буга да кыйындыгымды көргөзөйүн деп, мен да тартынбай ичтеги арактын жугу менен кучакташып эле жатып калдым. Экөөбүз көпкө эзилиштик. Мен акыры чыдабай агайымдын үстүнө чыгып, колум менен аспабын жан жериме киргизип желип кирдим. Агайдын жыргаганын көрүп, өзүмдү керемет сезип жаттым, Көрсө күйөөм менин баркымды билбеген тура, мен деле сексти катырат экем да. Улуу жеңесинин тиягы жагып калса керек, мени теңине албайт деле. Мына сага, сен жеңеңди жыргат, мен элдерди жыргата берейин. Ичимдеги күйөөмө деген кегим азайып, өч алганыма сүйүнүп жаттым. Агай бир далайда барып, аспабын бошотту. Баягы каардуу агайым ушинтип менин сүйүктүүмө айланды. Акырын туруп кийиндим да, кетейин деп жатсам: — Калбү токтой турчу, сага айтчу сөзүм бар, — деди, — Менин аялым боюнда бар, мени менен көп боло албай кыйналат. Сен мага ушинтип жумасына эки кездешип жардам кыл, мен сага жардам кылам… Жакын басып келип чекемен сүйдү да, колума чакан оролгон бир нерсе карматты. Башымды ийкей макулдугумду билдире чыгып кеттим. Жолдо баратып ачсам духи экен. Эч нерсе болбогондой жатаканага бардым, кыздарыма башым ооруп жатат деп сыр бербейм. — Кыздар мен квартирага чыгат окшойм, туугандардыкына жатасың деп жатышат. Силер менен жыргал эле, — дедим бир кезде. Комнатада 4 кыз жашайбыз: Дамира түптүк, Асел Кажы-сайдан, Гүлүмкан Челпектен, баарыбыз бир туугандай ынтымактуубуз. Үчөө тең турмуш кура элек кыздар. Менин жанымды коюшпайт: «Күйөөң менен кантип жаттың?» деп, аларга кызык. Мен да тырышып айтпайм. — Биз сага квартирага барып турабыз, — деди Гүлүмкан. — Туугандары жаман көрөт да, кайра Калбү бизге келип турсун. — Кыздар, бүгүн мен ошол тууганымдыкына барып көрөйүн, жашап кетсем жашап кеттим, батпай калсам эле кайра келем. Силер комендантка айтпай ордумду сактап тургула. Менин сөзүм аларга да жакты, кай бирде тааныш кыздары келсе, жатаарга жер жок болуп, эки экиден тыгылчубуз да. Кыздар менен чай ичип, сүйлөшүп отурдум. Кечти күттүм, кеч киргенде Тилекматтыкына жөнөдүм. Болжошкон саатта акырын бутумдун учу менен кирип, даяр турган эшикти ачып кирдим. Мени көргөндө Тилекмат сүйүнгөнүнөн кучактап бетимен өпкүлөп жиберди. Сыягы келбейт деген го. Бүгүн кичине көнө түшкөнгөбү, оз үйүмдөй шыпылдап чай коюп, тамак жасадым. Ара чолодо үй жыйыштырганга үлгүрдүм. Тамак бышып, столдун үстүн даярдаганда Тилекмат сырттан арак алып келди. Экөөбүз тамак ичип, арактан жүздөшүп алдык. Тилекмат тааныштарына чалып, бир бөлмөлүү квартира тапканын айтты. Эртеңден баштап ошол жакка жашаарымды баса белгиледи. — Бул жакта кошуналар бири-бирин аңдып турушат, аялым угуп калбасын, сенин күйөөңө да ушак жетпесин. Менин аялым беш бала төрөгөндөн кийин кыны кеңейип кетти, чөгүп эле кеткендей болом. Өзү да сексти каалабайт. Балдарды багып, үйдүн түйшүгү, чарчаса керек. Калбү, сен мага өзгөчө жактың. Эгер мени менен таза жүрсөң, баарын алып берем. Акырындап үй да алперишим мүмкүн. Жооп бериштин ордуна күлүп кутулдум. Тамагыбызды ичип алып, жатчу бөлмөгө кирдик. Мен ваннага кирип чайканып чыгайын деп ваннага кирсем, артыман Тилекмат кошо кирди чечинип. Жуунуп жатып, балээ басып Тилекмат каалап кетти. Ваннанын баш жагын карап мени эңкейтти да, аспабын соймолотуп жиберип, артыман зыңкылдатып кирди. Менин жаңы эле дүүлүгүп каалоом күчөгөндө эрте бүтүрө салды. Өзүмө ванна эпсиз болуп, анын үстүнө чыгып, өз каалагандай жыргай албай настроением түшүп кетти. Бирок сыр берген жокмун. Бир сыйра чайканып алып, төшөккө жаттык. Мени эркелетип ар кайсыны айтып жатат, мен аны уккан да жокмун. Башым ооруп кайра махабат кумарына баткым келди. Тилекматты өпкүлөп, эркелетип, аспабына колумду жиберип жумшак сыладым. — Ушундай сылаганың жагат, Калбү, мындай эркелөөнү унутканым качан. Дагы сылачы! — деп Тилекмат кулагыма шыбырады. Канча сыласам да тураар түрү жок, шалбайып эле аспабы тынчып жатат. Жеңелеримден укканым бар эле, Эркектин аспабын өпсөң зыңкыят деген. Ошол эcиме келе түштү. Төшөктү ары түрттүм да, акырын башымды ылдый алып барып, таза жуулган аспабынан аярлай өбө баштадым. Тилекматым эс учунан танган. Мага да өпкөн жагып, айланта аяр өбүп, чыңалып чыкканда үстүнө чыктым. — Жаным менин, дагы теминчи! — деген Тилекматтын үнүн уксаң, тим эле аянычтуу! Тилекматты айоо каяктан, күчкө толуп турган кезим, өзүм болушунча теминип, кайра токтоп, Тилекматты ой да жалынттым. Оо бир далайда барып, араң бүтүрдүм. Экөөбүз эрди-катын болуп жүргөнсүп, кыналыша жуурулушуп, жаңы үйлөнгөн жаш жубайларча сагынычыбыз таркабайт. Эртеңки күндү пландай баштадык. Мен сабактан кийин ал айткан дарекке бармай болдум. Тилекмат болсо матрац жууркан, идиш аяк апермей болду. Кечегиден бүгүн тоюнуп калдымбы, кайра төшөк кумарына аракет кылган жокмун. Мемиреп уйкуга кетипмин. ———— Будильниктин чырылдагы ойготту. Туруп ваннага кирип чайканып алдым да, ашканага чай койдум. Курсагымды кампайтып алып, Тилекмат менен коштошо, сабакка жөнөдүм. Сабак адаттагыдай үч пар. Көнүмүш арткы партада отурам. Ушул 1 жылдык дүкөнчүнүн окуусун тезирээк бүтсөм дейм. Иштегим келет, студенттер арасында өзүмдү ыңгайсыз сезе берем. Үчүнчү пар бүтөөр менен эч кимге карабай, Тилекмат айткан адреске жөнөдүм. Эки этаж эски үйлөрдүн экинчи кабатында, бир бөлмөлүү үй экен. Мен барганда комнатага керектүүлөрдүн баарын Нивасы менен ташып келип коюптур. Өзүмдү керемет сезип кеттим. Таза бөлмө, ванна-туалет ичинде, ашканасы бар, газы бар. Чакан муздаткычынын ичин эт, продуктуга толтуруп коюптур. Чай койдум. Столго маңдай тескей отурдук. — Калбү, бул сенин квартираң, , бирок менин сенден бир өтүнүчүм бар, сен эми күйөөңдүкү гана эмес меники да болдуң. Ошол үчүн түз жүр, башкаларды бул жакка алып келбе, өзүң каалашыңча жаша. Башка бирөө менен жүргөнүңдү көрсөм, бул үйдөн кубалап чыгам. Түз жүрсөң, сага ушул үйдү биротоло сатып берем, материалдык жардам берем, — деп мага лекция окуду. Башымды ийкей, чайын бердим. Айтор не айтса да макул дей бердим. Чай ичтик. — Калбү, мен сага кечке карай телефон чалам, атайын сени менен кабарлашып туруу үчүн, телефону бар квартира тандагам, — деди да, ордунан туруп бетимен өөп чыгып кетти. Квартиранын терезелери күн тарапты карап, балкону бар, кыялымдагыдай эле үй экен. Эрикпей муздаткычты оодардым. Эт, сары май, сүт баары бар. Шкафты аңтарсам, үстүнкү көзүндө инди чайлары. . Айтор продуктусун аянбай алыптыр. Тилекмат чалгыча деп, 2 кишилик керебетке ырахаттана жата кетипмин, көзүм илинип кетиптир… Телефондун шыңгыраганынан чочуп ойгондум. Туруп барып трубкасын алдым: — Ало — Ало, жаным, мен бир сааттан кийин барам, жакшылап тамак жасап кой ээ. Тилекматтын үнү жылжып угулду. — Макул дей трубканы койдум да, тамак жасоого кириштим. Эттен туурап, картошка кошуп, чакан кесме баса койдум. Столдун үстүнө кечки дасторконду даярдай, Тилекматты күтүп отурдум. Эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Туруп барып эшикти ачсам Тилекмат экен. Чапанын чечип, колун жууп, ашканага кирди. Столго тамакты коюп, чай куюп, маңдайына отурдум. — Аялымды эртең айылдан алып келем, эртеңден баштап түшкүсүн келип кетип турам. Бүгүн сени коркпосун дедим, эртең уже көнө түшөсүң. — Кечкисин бир маал да келе албайсыңбы? — Шек туудурбайлы, аялымдын агасынын аркасында оңолдук. Кайнагамды гана сыйлайм, болбосо сени токолдукка алып алат элем. Мени да туура түшүн. Өзүмчө бук болдум, аялынан Тилекматты кызганып. Сыр бербей баш ийкеп кутулдум. Менин көп сүйлөбөгөнүм да жагат тигиниме. Сыягы, аялы тажаал болсо керек. Ашкананы жыйыштырып залга келдик, үй ичи тымтырс, керебетке чечинип жаттык. Бул күнү Тилекмат өтө активдүү болбоду. Эптеп мени менен төшөк ишин бүтүрө сала уйкуга кетти. Эртең менен ойгонсом жанымда Тилекмат жок, эбак туруп кетиптир. Чоочуп барып, эшикти карадым, рас чаптырып кетиптир. Эртең мененки саат 7лер болуп калыптыр. Квартирам окуума 3 гана квартал, 10 минутта жетип барам. 8ге чейин үлгүрчүдөй экемин. Айылдан келгеним 3 күн болуп кетиптир. Тилекмат менен таанышып, 3 күн кандай өткөнүн билбепмин да. Чай коюп, жуунуп, чачымды тарап, дептерлеримди салыштырдым. Аңгыча чайым кайнады, жалгызсырап чай ичтим. Кийинип алып, сабакка жөнөдүм. Күндөгүдөй эле үч пар, акыркы пар строгий агайдыкы экен. Сабак бүтүп чыгып баратсам: — Калбү, токточу, — деп чакырып калды. Жанына келдим -кабинетиме бара берчи, азыр мен барам, — деди. Баш ийкей кабинетине жөнөдүм. Кабинетине кирип отурсам, агай келди. Адаттагыдай ичкери бөлмөсүнө кирдик. Бул жолу агай таза материал даярдап койгон экен. Кабинетин ичинен бекитип, материалды төшөк кылып салып, экөөбүз адаттагыдай төшөк кумарына кириштик. Кечээ Тилекмат көңүлсүз эптеп эле өзүнүкүн бүтүрүп, менин белим зыңкыйып калган. Даяр турган денем агайымды баса жыгылдым. Аны күтүп отурбай, оозунан соруп, үстүнө жаттым. Бир колумду аспабына жиберип, жумшак сыладым. Байкуш агайымдыкы деле зыңкыйып араң турган экен, тууралап туруп уруп калдым. Агайымдын аспабы жылжып кирээр менен үстүнө теминип кирдим. Ал түшүрө электе өзүмдүкүн бүтүрүп алайын деп болушунча чапкыладым. Эмгегим текке кетпей, тийчү жериме тийип, жыргай түштүм. Аны кыраакы агайым байкаган окшойт, мени көмкөрөмөн жаткызды да, эки колу менен эки эмчегимди ууштап алып, артыман урдуруп кирди. Агайым улам урган сайын жыргалымын туу чокусу! Опытный окшойт, бирде оң жакка урдуруп, бирде сол жакка урдуруп, бирде түздөп урдуруп жатты. Аспабы бошоп шалдайып калганда гана менин кучактай жатып калды. Экөөбүз кабинетте экенибизди унутуп, жыргалдын туу чокусуна киргенибизче көп убакыт өтүп кетиптир. Тилекматты эстедим, азыр келип калышы мүмкүн да. Ордуман туруп кийине баштаганда агайым колумдан тарта жаткызды. — Экөөбүз бир үйдөн кыналышып жатсак болот эле, Калбү, сени менен бир түн жаткым келет, бир амалын ойлончу, — деди. Көнүмүш адат менен баш ийкей кийимимди кийдим да, коштошо сыртка бет алдым. Квартирама келсем рас Тилекматтан дайын жок экен. Баса, бүгүн ал аялын айылдан алып келмек да, аны такыр унутуп дегдеңдеген экемин го. Ваннага кирип бир сыйра жуунуп чыктым да, чай койдум. Чай кайнагыча өзүмдү күзгүгө карап отурдум. Айылдыктай болбой кичине прическа жасатыш керек экен. Стилный кийинүү керек. Мунун баары акча, баса стипендия 70сом алам, Тилекмат берген 50сом, мурунку акчадан 12 рублдай бар. Өзүмдү зыңгыратып алып жүрүүм керек. Буркулдаган чайнектин үнүнөн ашканага кирдим. Чай кайнаптыр, чайымды ичип, жатаканага жөнөдүм. Жатаканага келсем кыздар комнатада отурган экен. Мени көрүп чурулдап жиберишти. — Калбү, кайда жүрөсүң, же сабактан биз менен он сүйлөшпөйсүң? Не болду сага, кайын журтуң квартира таап бердиби сага, күйөөң келмей болдубу?! Түрлүү суроолору түгөнбөйт. — Кыздар, менде баары жакшы, туугандарымдын үйүндө жатам, силерге да келип турам. Күйөөм айылда эле иштей берет. Окуумду бүткөндө айылга кетем да. Ички сырымды айтпай, токтоо сүйлөдүм. Кыздар болуп чай ичтик, карта чабыштык, кеч кире баштаганда гана квартирама жөнөдүм. Жалгыздык кандай жаман, кыздардан эрчитейин дейм, Тилекмат не дейт. Илкий басып кирдим үйүмө, көңүлүм тамакка да тартпады, жатып алдым. Тилекматка көнө түшкөн экем, аны жоктодум. Эртең менен эрте ойгонуп алдым, кардым ачып, вермишел басып жедим. Күзгүнүн астында турдум. Бүгүн сабактан кийин сөзсүз чачымды жасатпасам деп чечтим. Сабакка барып, 2 пардан соң кетип калдым. Чачтарачка барып, жарашыктуу прическа жасаттым. Колумду маникурлаттым. Чачымдын жасалгасы сонун болду. Андан ары магазинге кирдим. Жакшынакай көйнөк тандадым, 2 саат тандап отуруп өзүмө жарашыктуу көйнөк алдым. Квартирама келип, көйнөгүмдү кийип, чачымдын жасалгасын көрүп, өзүмдүн ажарлуу болуп калганыма кубандым, дагы канча суктанып күзгүнү тиктеп турат элем, эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Тилекмат экен деп жүгүрүп бара эшик ача салсам, узун келбеттүү жигит турат. — Сизге ким керек? — дедим. — Чоң кыз, сизден суу чыгып жатабы, бизде суу жок, мен маңдайкы кошунаңыз болом да. Сиздей сулуу кыз бул квартирага көчүп келгенин билбепмин, — деди ыржая. -Тура туруңуз, азыр карайын, — дедим да ваннага кирип суу агыздым, суу жок экен. -Байке, чынында суу жок экен, — дедим башымды эшиктен чала чыгара жооп берип. — Атыңыз ким чоң кыз, меники Малик. -Меники Калбү, — дедим да эшикти жаба беките салып, ашканага кирдим. Кандай тамак жасасам деп ойлонуп жатсам, эшик шыңгырады Дагы баягы жигит болбосун деп, глазокту карадым. Тилекмат экен. Эшикти ачтым, Тилекмат кирип эшикти бекитээри менен мойнунан кучактай бетинен өпкүлөдүм. Бир күн көрбөгөнгө алда мени сагыныптыр, бут кийимин чече сала, мени кроватка жетеледи. Кийимдерибизди чечип ыргыттык да, төшөккө кирдик. Оозубуздан сорушуп, кучакташып сагынычыбыз канбай жатат. Дайыма демилгечи менмин, Тилекматтын турсийин чече, өзүмдүкүн да чечип үстүнө жаттым. Кулагынан бир, оозунан бир өбөм. Аспабы чыңалып турган экен, тууралап туруп, салып койдум өзүмдүкүнө, анан теминип желе баштадым. Кынымдын ичинин бир точкасы эле качат, мен аны кууйм, ошол точкага жетсем эле жыргачудаймын. Бир кезде Тилекмат мени көмкөрөмөн жаткызды да, желип кирди, дале точкама жетпейт. Жамбашымды көтөрүп, тоңкойдум. Агайымдын мени ушинткени жаккан да, Тилекматка ушул керек беле, же мурда эле билчүбү, эки эмчегимди эки колу менен кармап, мени заңкылдатып урдура баштады, кудум ит кыңшылагандай кыңшылап, жыргалдын туу чокусуна жетип жаттым. -Ушул поза мага жагат, — деди Тилекмат, — аспабым маткаңды жакшылап урдурат. Мындан кийин ушинтип тоңкойуп берип жүрчү, жанымды жыргаттың! — Аспабындагы уругун чачып, жеңилдеп, мени кыса кучактады. — Уруктарды ыйынба, мага окшош уул төрөп бер Калбү, экөөбүзгө уулубуз данакер болсун. Селт этип кеттим. Мага азыр бала эмес, өз кара жаным керек эмеспи, бирок билдирбей: — Макул, кийинчерээк, азыр жыргаша туралы да — деп күлдүм. Тилекмат экөөбүз дагы бир аз кучакташып жаткан соң, ал туруп ваннага кирди. Ал жактан чайканып чыгып, кийинди да: — Баса, мен сага Горторгдон көп нерсе ала келдим шабашкамдан, азыр машинадан алып келе калайын, — деп ылдый түшүп кетти. Акырын терезеден карадым. Чоң коробка бир нерсе көтөрүп келе жатат. Эшиктин түбүндө ачканы даяр турдум. Тепкичтен баскан үнү азайганда эшикти ача салдым. Килтейген коробканы ашканага киргизе салып, «азыр келем» деп кайра түштү. Кайра терезеден аңдыйм. Бир оролгон нерсе көтөрүп келе жаткансыйт. «Не болду экен?» деп кызыктым. Тилекмат кирээри менен оролгон нерсесин ача мага сунду. — Кыш келе жатат. Бул сага сапошка, аялыма бирди, сага бирди алдым. Бутуңдун размерин өткөндө карап койгом. Тиги коробканы өзүң ачып жайгар, мен шек санатпай аялыма кеттим. Чекемен өбө, бир сыга кучактап алды да, эшикке жөнөдү. Эшиктин замогун бекиттим да коробканы ачтым. Үстүндө өзүнчө салафанда өзүнчө зат бар сыяктуу, ачып карасам ич кийимдер, колготки, наски, анан бир сонун жемпир бар экен. Аларды залга керебетке ыргыттым да калганын аңтардым. 10 пачка инди чайы, сары май, сгушенка, сметана, 4 кгдан ашуун эт, күрүч, калганы жашылча экен. Инди чайы ал кезде дефицит эле, сары май, сгушенка дегенди ветерандар гана ала алчу да. Кой эми, жемпирди кийип көрөйүн дедим, күзгүгө келип жемпирди кийдим. Магазинчилер эле кийинчү кийим да. Адамдын көркү чүпүрөк, жарашып эле калды. Сапошкасы да чак, куюп койгондой чак, анан жарашыктуу. «Кыш келээри менен кийип барсам, шумдук байдай эле көрүнчүдөймүн» деп кыялданып жатам. Ушунун баарын күйөөм апериши керек эле, кайненем жоктон башканы айтпайт. Күйөөмдүн зарплаты кайненемдин колуна түшөт, анысы аз келгенсип мен стипендиямы берем. А Тилекмат мага бүт жагдайымды жасап отурат, «муну колдон чыгарбоо керек» деп чечтим. Баса, айылга бараарыма да 2 күн калыптыр. Аякка барганым менен жол расход өзүмөн кетет, 2 рубль кетет кайтаарда бир гана нан салып берет кайненем. Кой, бул жашоом болбойт, айына 10 рубль жолума кетсе, күйөөм акча берчү ою жок. Кайра менин 70 рубль стипендиямды аңдышат. Баса ачуу басарыма да болгону 500 рубль алып барышкан, же кой апарбай, же арагы, таттуусу жок, ансыз да жакыр турган ата энемди карызга батырышкан. Атам намыстанып бирөөдөн карыз кой алып союп, алып барган 500рублдан берип кутулган. Андан да 5 киши барганычы, аларга эки шым костюм кийгизип, калганына көйнөк берсе, кайненем наалыган мага: «Жакыр жерден келин алган курусун, барган кишилерге мени уят кылды» деп. Унчукпай башымды жерге салып бергем. Менин эң жакшы сапатым унчукпоо, койдон жоош жүрөм. Ошол үчүн мага баары ишенет. Ушуларды эстеп жесир кайненемди жек көрүп кеттим. Өз ата-энемди кандай болсо да байытуунун жолун табууну көздөдүм. Ушул суббота барганда, кайтып келе жатып таң эрте ата-энемдикине элге көрүнбөй кирүүнү пландадым. Неге мен багып өстүргөн энемди ойлобойм, атамды неге аябайм. Не болсо да аларга жолугуум керек. Жемпир-сапошкаларды тыкандап шифонерге салдым да, кечки тамакка кам көрдүм. Муздаткычта 3кгдай эт бар, дагы 4кгдай эт алып келген экен. Этти, сары майларды муздаткычка салдым да, бир аз эт туурап, көнгөн картошкамды куурдум. Жалгыз киши тамак деле жебейт экен, бир аз тамак жеп, чай ичтим да, керебетке кыйшайдым. Түркүн ойлорду ойлонуп жатып уктап калыпмын, ошол бойдон эртең менен эрте бир ойгондум. Жуунуп келип, кечиндегиден ашкан тамакты жылытып жеп, сабакка жөнөдүм. Бүгүн рас строгий агайдын сабагы жок, сабактан кыздарым менен ээрчишип жатаканага бара кетейин деп ойлондум. Сабак башталып, сабак бүткүчө араң чыдадым. Сабак бүтөөрү менен комнаталаш кыздарым менен жатаканага жөнөдүм. Кандай гана жакшы, кыздар менен чогуу жашаган, көңүлдүү. Кыздар чай койду, Гүлүмкан адатынча балээнин башын чыгарды. — Кыздар, бүгүн бир таанышкан жигитим Мир кино-театрына киного чакырды, кечки 7де башталат, барып келбейлиби? Жүр Калбү, сен да бар, үйүңдөгүлөрдөн суран. — Мейли, — дедим, — Мен анда үйгө барып суранайын. Чала була чай ичип, квартирама жөнөдүм. Бүгүн Тилекмат түштөн кийин келет да, ага тамак жасап, «милдетимен» ашыгы менен кутулуп, андан соң киного барайын. Жаштыгым күйөө менен токолдукка кор болобу? Квартирама келип, шаша-буша иреттеп, тамак жасай салдым. Бат келсе деп Тилекматты күтүп отурам. Саат 4төн өткөндө гана Тилекмат келди. Ашканага кирип чай ичип, мени менен жашоо жөнүндө тема баштады. — Калбү, сен жашсың, көп нерсеге түшүнө бербейсиң. Менин жашым отуздан ооду, жумасына 4 жолу араң сени менен болом. Арасында жин ургансып аялым да каалап калат. Баягы 25 жаштагыдай болбойт экен. Бүгүн экөөбүз секс жок эле сүйлөшөлү. Эртең сен күйөөңө барасың. Суббота, базар мен үйдө болом, сага келе албайм. Сен күйөөңдүн парзына даярдан, мен аялыма даярданайын. Бирок күйөөң менен жатаарда боюңа болтурбаганга аракет кыл. Азыр жашсың, шашпай менден төрө. Күйөөң жаман болсо ажыраш, мен сени багып алууга кудуретим жетет. — Макул, айтканындай кылам, тамактан жечи, чай иччи, — дедим анча жактыра бербей. — Азыр тоюп барсам, кайдан тоюп келдиң деп, аялым шектенет. Тамагың даамдуу болуптур, ооз тийдим. Бул аз деп таарынба, 5рубль болсо да жолуңа жарайт, шабашка болсо, көбүрөөк берем ээ, — деп, 5 рублду стол үстүнө койду да коштошо чыгып кетти. Ух, кандай жыргал! Киного барам, 5 рублду шкафка койдум да, кечки киного даярдана баштадым. Жаңы сатып алган көйнөгүмдү кийдим, үстүнө Тилекмат алып келген жемпирди кийдим, куп жарашыктуу болду. Колготки кийип, туфли кийсем эле периште болуп калат экемин го. Чачымды флойка менен жасалгаладым. Мен күткөн убак жакындаганда жатаканага жөнөдүм. Кыздарым мени көргөндө таң калганын жашырышкан жок. — Ой ууй Калбү, бүгүн өзгөчө сулуу болупсуң го. Бизге 4 жигит, төртөөбүзгө келет, Калбүнүн эрге тийгенин айтмай жок, — деди Гүлүмкан чыңкылдап. Аңгыча терезе тырс деп майда таш тийгенсиди, Гүлүмкан карап эле, так секирди. — Ураа кыздар келди жигиттер, кеттик киного! Жатаканадан чыкканыбызда келишимдүү төрт жигитти көрүп сүрдөй түштүк. Алар бизди кинону көздөй ээрчитип жөнөдү. Узун бойлуу, келишимдүү жигиттин аты Мурат экен, таанышканда эле мени колтуктап мени ээледим дегенсип, мага подход түзө баштады. Мир кинотеатрына келдик. Ал кезде индиский кино деген шумдук боло турган. Кинонун аты «Легенда о Любви» экен. Кино-театрдын местасына отурганда Мураттан кийин мен, анан Нурбек деген досу, андан улай Гүлүмкан, андан ары калгандары отурушту. Кино сүйүү жөнүнө болгондуктан, жигит менен кыз кучакташса Мурат менин колуман кысат, мага жөлөнө ыктайт. Менин да оюм алыска кетет, ушундай татынакай жигит жолдошум болгондо не, кучакташып аллеядан бассак эл суктанаар беле? Кыялга кирип жатып, Муратка башымды жөлөгөнүмдү байкабай калыпмын. Кино бүткүчө Мураттын колуман кармаганынан денем дүүлүгүп, аны менен махабат төшөгүн өткөргүм келди. Мен күткөн кино аяктап, үч жигит, үч группалашымды жатаканага жеткизгени кетти. Мен өз квартирамды көздөй Мурат менен жөнөдүм. — Үйдөгүлөр урушпайбы? — деди Мурат. — Үйдөгү эже-жездем айылга кеткен, ошол үчүн киного чыктым, болбосо мени чыгартпайт да, — деп каадаландым. — Анда мени конокко чакырат турбайсыңбы? — Үмүттүү тигилди Мурат. — Акырын кир, кошуналар көрсө айтышат, — деп, 2 кабатка буттун учу менен чыгып, ачкычты салып акырын ачтым. Кире бериштин светин күйгүзө бут кийимибизди чечтик да, залга өттүк. Ашканага кирип чай койдум. Чай кайнагыча жакындан таанышып отурдук. Мурат пединституттун 4 курсунда окуйт экен, бойдок, аксуулук бала экен. Жанагы достору группалаштары, биз сыяктуу бир бөлмөдө жаткандар экен. Студенттин карды ач да, дасторконду жайнатып чай бердим. Ар кайсыны сүйлөштүк. Мен турмушка чыгып, ажырашып жатканымды баса көргөздүм. Ушуну уккан соң, Мурат өзүн кенен сезип, мурдагыдан да мага жакшы мамиле жасап, асты-үстүмө түшө баштады. Чай ичип болуп, залдагы керебетке уялбай эле чогуу жатып алдык. Свет өчтү, жаштын иши жаш экен, экөөбүз бири-бирибизди кучактап эле өлүп-талып жатабыз. — Калбү, мен кыздар менен жатып көрө элек элем, сен өзүң баштачы, — деди назик. — Анда сенин балалыгыңды алайын, — деп, кулагына назик шыбырай, үстүнө чыктым. Аспабы чыңалып турат, баятан теңселип тешик таппаган аспабын өзүмдүкүнө колум менен тууралап салдым да, теминип желип кирдим. Мураттын охулаганын уккан адамдын жаны ачыйт. Мурда аялдын тешигин көрбөгөндүктөн өлүп-талып жатканы да ошол да. Мен тим эле пери көрүнүп жатам Муратка. Теминип жатып, чарчаганымда тынып калсам, мени оодара жаткызды да, эки бутумду ийнине аса урдуруп кирди. Же бир тынсачы, аял көрбөгөн ушинтип өлтүрөт деген чын белем, үстүмөн түшпөй катуу урдуруп жатып араң аспабын бошотту да, кыйын иш кылгандай чалкасынан жата кетти. Денесинин баары көл-шал, бир машина көмүр түшүргөндөй эле иштептир. — Тур ваннага чайынып ал, Мурат, — дедим, — Сергип жатасың, таза да болуп каласың. Ордунан араң обдулуп барып чайканып келди, мен да туруп барып чайканып келдим. Экөөбүз кыйын иш бүтүргөндөй эзилише уйкуга кеттик. Түн бир оокум болгонбу билбейм, үстүмө чыгып алып, аспабын киргизе албай санымды ургулаган аспабынан улам чоочуп ойгонсом, Мурат дагы төшөк кумарына баткысы келип жатыптыр. Колумду жиберип тууралап аспабын өз кыныма салдым да, бутумду талтайтып жатып бердим. Жоо чаап бараткан жоокердей улам алдыга умтулуп, Муратым урдуруп жатат. Менин жыргаганым андан, улам жамбашымды көтөрүп кыймылдатып, жардамдашып койом. — Муратым, жан биргем! — деп жалынам. Ал да мени Калкен деп эркелетип, жан-алы калбай теминип урдуруп жатты. -Бутуңду өйдө көтөрчү, — деди Мурат. Бутумду көтөрүп ийнине астым. Көл-шал түшүп, Мурат моокуму каңгыча урдурду. Ал аралыкта мен да махабат лаззатынын туу чокусуна 3 жолу чыгып, 3 жолу ырахат алдым. Бир кезде барып ахылдаган үнүн акырындатып анан аспабы бошоду, экөөбүз эзилишип уйкуга кеттик. Түнкү махабат лаззатынан уламбы, Мурат экөөбүз тең катуу уктаппыз. Бетибизге түшкөн күндүн жарыгынан ойгонсом саат 9дан өтүп кетиптир. — Мурат, тур, сабактан кечигиппиз! — дедим чоочуй тигини жулкулдатып. Көзүн ачкан Мурат менин сөзүмдү уккан да жок — оозумдан соруп, кайра үстүмө чыгып алды. Бул жолу тажрыйба алдыбы, менин жардамымсыз эле аспабын киргизип, теминип, алга чаба баштады. Менин да Муратка болгон жактыруум себепчи болдубу, каалоом күчөп, кошо чабышып Муратты төшөк кумарынын туу чокусуна жеткиздим. Экөөбүз түшкө чейин жата берет белек, ким билет, кардыбыздын ачканынан айласыз турдук. Ваннага чайканып алып, ашканага кирип эт менен картошка куурдум, чайымды даярдадым. Ал аралыкта Мурат ваннадан чайканып чыгып, кийимин кийинип келип, дасторконго отурду. Өлө ачка болгон экен, эттүү картошкадан жеп, чай ичип курсагын кампайтты. Көңүлү ачылып жайдарылана сүйлөдү. — Калкен, эми качан жолугабыз, телефон номериң канча, чалып турсам болобу? — Эже-жездем шек албаш үчүн, чалганда Кыргыз почтабы деп сура, жок десем үйдө эжемдер бар болгон болот, ооба десем жалгыз болгон болом, — деп түшүндүрдүм. Телефон номеримди блокнотуна жазып, бетимен сүйүп коштошо чыгып кетти. Эшикти бекитип алдым да, керебетке келип жаттым. Кечки автобус менен айылга баруу керек, ага чейин дем алып алганым жакшы. Керебетте жатып көпкө ойлондум. Айылга баргым келбей жатат, бирок барууга туура келет. Өздөрү издеп келсе жатаканада жатпаган абийирим ачылат. Кой барайын. Анан да ата-энеме да баруум керек да. Баса жеңемди колго алуу керек. Жеңемдин тууганынын үйүнө квартирага чыктым десем, күйөөм да, кайын журтум да келе албайт. Менин жолум ачылмайын бул жакка баш салып келе албайт. Жеңем ата-энемди алдайт, Калбү менин тууганымдыкына жатсын деп. Таппасаң сыйпалап калгырдыкы, ошону менен күйөөмө барбай, жол расход кетирбей калам. Ушул амалды тапканыма сүйүнө, кайын энемди жайкоонун амалын ойлоп, 5 инди чайын, бир кило сливочный майын салып алып кечки автобус менен айылга жол тарттым. Ушул автобуска түшкөндөгү сары пазиктеги элдин тыгылышы ай, араң чыдайсың. Эзилип араң күйөөмдүн үйүнө жеттим. Дарбазаны ачаар менен бет маңдай кайненем тозуп чыкты. Жүгүнүп учурашып үйгө кирдим, сумкамдагы чайды, майды алып чыкканда кайненемдин көзү жайнай тушту. — Ии балакетиңди алайын, муну кайдан алдың? — Жеңемдин эжеси дүкөнчү, ошол берди. Апа, жатаканага жатсам эле кыздар отурушка жүрү деп кыйнап жатышат. Анан жеңем менин абалымды сурап келген экен, ага айтсам «Бойдок кыздарга кошулуп жатаканага жатпа, сенин күйөөң бар, тарбиялуу келин андайларга жолобойт, менин эже-жездемдикине жат, тамагың да арзанга түшөт, үй бекер, бөлмөсү кенен. Окууңду бүтсөң, айылга магазинге орноштуруп койот» деди. Мен «кайненеме айтып руксат сурап көрөйүн» дедим, — деп анткорлоно ыйбаа кылымыш болуп сүйлөдүм. Кайненем мага ыраазы боло: — Ошент балам, жума сайын келип жатып, жолуңа да акчаң короп жатат. Кудачаныкына жата турсаң менин да санаам тынч болот. Эптеп окууңду бүтүрсөң келесиң, ал күн да алыс эмес. Күйөөңдү мен катуу кармайм, андан санааркаба деп айтты эле, ички кубанычым чексиз боло түштү. — Апа, аркы жумада стипендия берсе, сизге бир сапошка, өзүмө бир сапошка алайынбы? — дей салдым моменттен пайдаланып. Ак көңүлү кармаган кайненем: — Өзүңө жакшысын ал, мага бурка сапошки эле алып келсең жетет, балам. Жесир болуп сага да кийим алып бере албадык, окуп жатасың өз стипендияңа, өзүңө кийим алагой, анда санда кудачадан чай, сары май алдыртып берсең болду, — деп мээримдүү карай, көзүнөн кылгырган жашын жоолугунун учу менен сүртүп койду. Кийимдеримди алмаштырып, кайненеме жардамдашууга кириштим. — Балам, нанга камыр жууруп салчы, эртең тегерекке чай берейин маркум атаңа жыт чыгарып, сен алып келген инди чайы менен буркуратып абысындарыңа чай берели. Мен самоорду кайната салайын. Кайненемдин мындай жакшы настроениесин бүгүн биринчи көрүшүм. Жанталашып ак алюмин чарага ун салып, камыр жуурдум. Эртең биротоло печине да нан жаап берип кетейин деп. Камырды жуура сала, идиш жууп, кечки чайды белендедим. Күйөөмдөн дайын жок. Кайненем улам чыйпылыктап сыртты карайт. Жолдошум жок, кайненем экөөбүз чай ичтик. Улуу кайнагаларым өзүнчө бөлүнүп кетишкен. Кайненем жолдошум экөө гана чогуу турат. Үч комнат үй өзүнчө, 2 кичине чакан времянка өзүнчө салынган. Кайненем времянкада жалгыз жатат. Жолдошум экөөбүздүкү аркы үч бөлмөлүү үй. Чайын берип, идишин жуудум да: — Апа, мен барып жатайын, — деп суранып, үйүмө келип жатып алдым. Менин жолдошумдан дайын жок. Бүгүн ишенби, менин келээримди билет. Анын келбегени мага баары бир эмеспи. Муратымды ойлоп рахатка батып уктап кетипмин. Түн бир оокумда эшиктин тарсылдаганынан ойгондум. Туруп барып эшикти ачсам жолдошум. Бир аз жүз грамм сеп этип алган, сүйлөсө арактын жыты буркурайт. Сөлдүрөп кирди да, чала була чечинип келип төшөккө жатып алды. Мени менен иши да болгон жок. Эртең менен эрте туруп самоор койдум, нан салчу печтин күлүн тазалап, нан салууга даярдадым. Акырын эшикти ачсам кайненем ойгоо экен, жүгүндүм. — Кудай тилегиңди берсин айланайын, тиги күйөөң келди беле ? — Апа, нанды эрте сала салайынбы, боорсокко канчасын алып койоюн? Самоор койдум. Иш туурасында айтып, суроосуна жооп бербегениме көңүл бурган да жок. Ордунан туруп, камырдын өлчөмүн көргөздү да, сыртка жуунганы чыгып кетти. Көмөштандарды сырттан тазалап алып келип майладым. Камырды текши салдым да, сыртка печке от жакканы жөнөдүм. Печтин отун жагып ысытып, нанды сала салдым. Самоорум да кайнаптыр. Ары жактагы чоң казанга суу толтуруп, тамыздым да, самоорду алып кирип кайненеме чай бердим. — Тим кой, күйөөңдү чакырба, өзү келип ичсин, — кайненем мага болуша сүйлөдү. Чай ичилип бүткөн соң кичине казанга от жагып, кайненем майын өлчөп куюп, айтор экөөбүз бир чакан чара боорсок бышыра салдык. Ысык суум даяр турганда деп мен кайненем менен жолдошумдун кирин жууй салдым. Эрте турганыбыз менен, биз кыймылдагыча эле түштөн ооп кетти. Дасторкон жайып даярдадык. Кошуна абысындарын кайненем өзү чакырды. — Калбү, огороддун аягындагы жесир жеңеңди сен чакыра салчы, жаш немеге мен улуу башым менен барат белем, — кайненем мени жумшады. «Оңбогон бузуку менин күйөөмө ээлик кылып жүрөсүңбү, шашпа сени, акыры күлүп сени жайлайм» деп чакырганы жөнөдүм. Короосунда кичине баласы менен отурган экен, жүгүнбөй туруп учураштым да: — Апам сизди чай ичсин деп чакырып жатат, — дедим. Тим эле эч нерсе болбогон немедей баласын колуна көтөрдү да мени менен катарлаш басып үйүбүзгө чогуу келди. Кошуналардын баары чогулуп, кайненем куран окуп, чай бердик, кичине күрүч баса салдым. Алар ушак сүйлөшкүчө тамак да даяр болуп, тамак ичилип бүткөн соң элдер тарап, кайненем экөөбүз калдык. Жолдошум көрүнбөйт, уктап жатабы же дагы тентип кеттиби, бир кудай билет. Кайненем акырын сөз баштады. — Калбү, сен акыл эстүүсүң, Асанга унчукпай койо тур, эптеп окууңду бүтүрүп келчи, аны экөөлөп эки жактан тарбияга салабыз. Азырынча жаман айтышып урушпа, үй бүлөнү сактап калуу аял кишинин колунда. Ыраматылык кайнатаң, жер жамандап барбасын, мага көргөзбөгөнү калган жок. Баары бир мен жеңдим. Кайненем мага болушчу эмес. Ага караганда мен бармын сага тирек. Башымды ийкей: — Макул апа, сиз кандай кеңеш берсеңиз, мен ошондой аткарам. Сиздин сөзүңүздөн чыкпайм, апа, — дедим. Кайненем экөөбүз дагы бир сыйрадан чай ичип бүткөн соң, мен идиш аяктарды жууп, үйдү жыйнадым. — Эртең эрте чыгасың жолго, эртерээк дем ал, — деп кайненем мени жаткан үйүмө жиберди. Эшикти ачсам, төшөк ордунда, жолдошум жок. «Мейли, кайра жакшы» дедим кубана, «сенден башка да аңгилерим толтура тиякта, андан көрө бүгүн эс алдырайын өзүмдү». Эшикти илип, светти өчүрүп жаттым. Көзүм илинип кетиптир, эшиктин каалгасын катуу такылдатты. Туруп барып ачсам кайран Асан дагы мас, араң эле сүйлөйт. Араң сүйрөлүп келип төшөккө кыйшайды, мен болсо светти өчүрдүм да жаттым. — Калбү, бери карап жатчы, — Асан далымдан тартты. — Не болду? — Оодарылып карадым. — Калбү, мени кечирчи, мага убакыт берчи. Суроо бербе, жөн гана күтө турчу. Мен өзүмө келип алайын. Анан баарын башынан баштайбыз, — жакшы эле сүйлөп жатып дымы чыкпай калды. Карасам уйкуга кетиптир. «Кой, ушунуңа да рахмат» дедим да, өзүмдү кыйнап уктоого тырыштым. Таң эрте туруп самоор койдум. Кайненем менин кылдыратып жүргөнүмдү көрүп, ордунан турду. Чай белендеп кайненем менен чай ичтим да, коштошуп алып жолго чыктым. Өзүмдүн айылым эки айылдан кийин, рас автобус келе калып, эки айылдан кийин түшүп калдым. Ары өтүп, бери өтүп өз айлымды көргөндө ичим бышып, ата-энемди сагынаар элем. Мына бүгүн чыгындым. Эл көрбөсүн деп айылдын чети менен барып, огород аркалуу үйүмө кирдим. Сыртта жумуш жасап жүргөн жеңем мени биринчи көрө кучактап калды. — Ай кызыке, эл көргөн жокпу деги? — Жок жеңе, айылдын чети менен жашынып келдим. Жеңе, мен сизге өтүнүч менен келдим. Сиз энемди көндүрүңүз. Мен квартира таптым, ал квартираны эжемдики деңиз. Сиз энемден эмки алтынчы күнү суранып мага барыңыз, телефон номерди сизге берем, адресимди жазам. «Менин эжемдин жанында жашасын» деңиз, не себебин барганда сүйлөшөбүз, — деп, сумкамдан жол расходуна 5 рубль бердим. Биздин үнүбүздү чала укканбы, энем мени көрө сала айкырды. — Калбү, неге келдиң, эл көрсө эмне дейт, элге шерменде кылып не келдиң? Жеңем ортодон чыкты: — Апа, Калбү ажырашпай эле, мага сүйлөшкөнү келиптир, апа. Энем эми эсин жыйнап, жаныма келип бетимен өптү. — Апа, мен шашып жатам, элге көрүнбөй кетейин. Жеңемдин эжеси шаарда эмес беле, ошонун үйүнө турбасам болчудай эмес. Кыздар комнатага бала киргизе берет. Күйөөм укса эмне дейт? Ошол маселе үчүн келе жатып кире кеттим эле, жеңем менен кенешип, эмки алтынчы күнү өзүн гана жибериңиз. — Аа балакетиңди алайын, макул, үйгө кирчи анан калганын сүйлөшөлү. Энем ыраазы боло үйгө көздөй бет алды. — Тегерек байкай электе кетип калайын, кайненем укса иренжип калат. Чала була коштоштум да, сумкамдан кагаз алып чыгып жеңеме дарек телефон жазып берип, шаарга карай жөнөдүм. Багыма жараша жолго чыгаар менен автобус чыгып, Караколго бет алдым. Биринчи парга үлгүрбөй калдым. Кой эми, экинчи парга баруу керек. Бүгүн строгий агайдын да сабагы бар. Ага кезигип, сабактан калган күндөрүмдү жаптыруум керек. Араң дегенде центрга келип, 4-автобуска отурдум. Ал кооперативдик училищага жакын апарат. Энтигип келсем 2 пар башталып кетиптир. — Руксатпы агай, — деп кирип бардым. Строгий агайым: — Кирегой, — деп айтып ийбеспи кашайтып. Баары эле карап калышты агайды. Мен сыр бербейм, арткы партага барып отурдум. — Эмне, мен таң калыштуу сөз айттымбы? Бейшенбиева айылдан келди, силерчилеп бойдок эмес, бир үй бүлөнүн түйшүгү мойнунда. Окууга аракет кылып келип жатат. Тынчтангыла, сабакты улайлы, андан ары. Агайым сабак өтүп жаткан менен, улам келип эле көзү мага чагылышып кетет. Айтор эптеп сабагын бүтүрдү. Студенттерден уялдыбы, мага сөз сүйлөбөй кетти. Ал жагынан эстүү жанмын го, 3-пар бүтөөрү менен агайдын кабинетине бардым. Эшикти коомай ачаарым менен, агай мени көрө сүйүнө: — Келегой! — деп жиберди. Экөөбүз көнүмүш адатча эшикти бекиттик да ичкери бөлмөгө кирдик. Полкадан жерге материалды салып, өзүм агайымды имере тарта жерге жаткыздым. — Мен сени сагынып кеттим, Калбү, окууну таштап кеттиби деп корктум эле, — агайым кулагыма жалбара сүйлөдү. — Мен окууну таштагым келди, бирок сизди кыйбадым, — дедим экилене. — Калып калган сабактарыман жардам кылаарсыз. — Ал жагынан кейибе, сени баардык мугалимге кудачам деп табыштап койом, андан көрө… — деп юбкамды чече баштады. Бааланып отурамбы, өзүм чечине салдым да, агайымдын шымынын бүчүсүн чечип, ылдый шыпырдым, турсийи кошо шыпырылып, аспабы булк деп чыга түштү. Агайымдын үстүнө жаттым да, акырындап желе баштадым. Агайым да мени сагынып калганбы, мени көмкөрөмөн жаткыза сала аспабын киргизди да, эки колуна эки эмчегимди ууштай, урдура баштады. Мен да эрип-эпчип туруп бердим. Канча убакыт иштеди, аспабы бошобой кууратты. Чарчаганын байкап мен үстүнө отуруп алып, темине баштадым. Оо бир далайда барып, агайдын аспабы бошоду. Экөөбүз кучакташа аймалашып жарты саатча жаттык. — Менин кудачамдын үйү бар, бир түнгө сурайын, келе аласызбы, агай? — дедим жалооруй. — Калбү, сөзсүз барам, сен айтсаң болду, — деп сүйүнүп кетпеспи. Туруп кийиндик да, мен акырын кабинеттен чыгып кеттим. Түз эле квартирага келдим. Чай койо сала, ваннага кирдим. Бир сыйра чайканып алып, чай ичтим да керебетиме эс алып жаттым. Азыр төрттөн өтө Тилекмат келет. Ага даярдануум керек. Саат үчтөн өтө туруп тамак жасадым, үстүртөн үйдү иреттеп койдум. Улам терезени карап Тилекматты күтүп жатам. Төрттөн өткөндө Тилекмат келди. Эшик ачылып, бери кирээр менен мойнуна асылдым. Калп эле сагынган киши болуп сыр бербей. Ал чын ниетинен мени кучактап өптү да, шашып жүргөнүн, мени күтүп калбасын деп атайы кире кеткенин баса белгиледи. — Мейли, жаным, эртең сөзсүз келем! — деп коштошту да, чыгып кетти. Тамагымды ичип скучно болуп отургам. Эшиктин коңгуроосу кагылды. Ким болду экен? — деп таң кала глазокту карадым. Баягы кошунам. Буга не болду экен? — деп эшикти ачтым. — Кечиресиз сизден бир нерсе сурасам болобу? — Күнөөлүдөй жер карады кошуна. — Эригип жатканда ырас болбодубу, кир үйгө, — дедим. — Эмне сурайт элең? — Калбү мен сенден бир аз туз сурап келгем, тамак жасайын десем туз жок, — Тамак жасап не кыласың, кел отур тамак ич, даяр тамак бар, аңгемелешели экөөбүз Ашканага кирип столго отурду, анча муздай элек тамакты алдына коюп, чай куйдум. — Ким менен турасың бул үйдө жигит? — Ага жеңем менен турам, бүгүн алар айылга кетишкен, үйгө продукт албай кетишиптир, же жанымда акча жок. Бир аз картошка калыптыр, куурайын десем туз жок. — Тамакты ичип бүтүп 1 бутылка вино алып келчи, яблочный менин да настроением жок. Экөөбүз бүгүн ичели. Колуна 3 рубль карматтым. Ал ылдый түшүп кетти да, винону алып келди. Стакандарга куюп ичтик, мас болбосок да, ичибиз кадимкидей кызуу. Үй ачык бекитип келейин деп бекитип келе калды. экөөбүз залга келип керебетке отурдук. Жакшына эле уялгансып турган, байкоосуздан эле мени басып жыгылып, бир колу менен халатымды ачып, турсийимди ылдый чечти да, буту менен ылдый тартып салды. Ай уйга карабай, аспабын күчкө салып киргизип урдуруп кирди. Сыртыман сыр бербей түртүмүш болгонум менен жаш баланын мени жайлаганы жагып жатты. Жаны тынбай чабыттап жатат. Ай ооруп жатат деп мен ыйламыш болом, ой боюма койбой тоңкойтту да, артыман урдуруп кирди. Аны менен тим калбай, мени тургузуп диванга туураман жаткызды. Эки бутумду керип алып, өзү туруп алып урдурду. Не бир уругу түшсөчү. Акыры чарчап жерге жата кетти. Андай эмес мындай деп, мен да үстүнө отуруп алып, аспабын киргиздим да, даңкылдатып кирдим. Өлүп талып башын көтөрүп отура калды да мени кучактап алып, экөөбүз бирибизге-бирибиз теминдик. Бир далайда барып аспабы бошоп жатып калды. Ичим ооруп эле жаткансыйт, этек кирим жаңы келип баштап, одеалды булгаптыр. Тиги кошуна баланын да аспабынын тегереги канжалаптыр. Светти күйгүзүп алып, ваннага кирди. Мен чүпүрөк даярдап, ал чыгаары менен жуунуп чыктым. Кан болгон одеалды алып салып төшөккө жаттык. — Калбү, кыздыгыңды араң алдым, мени жаман кыйнадың, — деди мени чоочутуп. Сыр берген жокмун. — Калбү, эч кимге айта көрбө, кийин шартым болгондо үйлөнөм макулбу? — деди жалооруй. — Келесоосуң да, — дедим күлүп, — мен азыр күйөөгө тийбеймин. Сен эми мага кире бербе, тайкем келсе шек алат, керек кезде өзүм чакырам, бар азыр кете бер, — дедим. Кошуна балам менден жылуу сөз укканына сүйүнүп чыгып кетти. Эшикти бекиттим да тынч уйкуга кирдим. Чарчагандыктанбы, бат эле уктап калдым. Эртең менен туруп окууга жөнөдүм. 3 пар болду. Окуудан жатаканага барбай түз келип жаттым. Түштөрдө Тилекмат чалды, ага этек кирим келип жатат десем, болбой эле келем деди. Жаттым чаалыгып. Саат 4кө чукул Тилекмат келди. Түз эле залга келип: — Төшөккө жаталы, — деди. Колунда вазелин алып алган. — Муну не кыласың? — десем: — Керек, ары карап тоңкойуп жатчы, — деди. Вазелинди менин арткы тешигимде сүйкөп, ушалап, артыман өпкүлөп, эмчегимдин учунан кармалап мени балкытты. Бир кезде улам аспабын арткы тешигиме акырын киргизип жаткан. Акырындап жибитип отуруп, аспабы толук кириптир. Акырындап теминип отуруп, бир кезде аспабын бошотту. — Калбү, мунун жаман деле эч нерсеси жок, болгону күчкө салбай, массаж жасап акырын киргизсе эч нерсе болбойт, көрдүңбү. Мына эми секстин түрүн көрө баштадың. Экөөбүз ойношпуз, баарын жасай билүүбүз, бирибизден бирибиз рахат алуубуз керек, — деп акыл айтты. Мага бирок бул секси жаккан жок. Ичимен Тилекматтан жийиркенип кеттим. Бирок артка жол жок да, бир ыңгайы келээр. Азырынча унчукпай сеники чын дей турайын. Жооп бергеним жок, башымды гана саал ийкедим. — Кыздыгыңды албасам да, көтөнүңдүн кыздыгын биринчи алдым! — Маашырлана күлүп кийинди да, мени менен коштошо чыгып кетти. Ушунча ызаландым. «Шашпа сени, — дедим. — Сенден өчүмдү сөзсүз алам, шашпа». Ойлонуп жаттым, көчүгүм ооруксунуп калыптыр, кандай гана жийиркеничтүү. Акырындап квартира табуум керек, квартирага чыгуу үчүн акча керек. Мынча расходду кайдан табам? Эч нерсеге жарыбаган стипендиям кай бирине жетет. Же кайра жатаканага барамбы? Тынч дүйнөмө бүлүк түшүп, баягы биринчи көргөн Тилекмат жок, ал да бир секстин түрүн каалаган эркек экенин байкап, андан эрте кутулуунун амалын издөөгө өттүм. Бүгүн тынч уктайын, эртеңки күн мындан да акылдуулукту берет, сабырдуу болсом. Ушуларды ойлоп алып, өзүмдү жооткотуп уйкуга кеттим. Эртең менен сабакка бардым, кыздарым менен сүйлөшкүм келбей качкактап квартирама келдим. Чайымды ичтим да, көчөгө жасанып алып чыктым. Айлана суук түшүп келе жатканына байланыштуу эл көчөдө аз. Шаардын центрине келип иш караштырдым. Деле иш табылчу түрү жок. Настроением өчүп, кайра үйгө келдим. Азыр тиги Тилекмат келет. Калп да болсо үйдү жыйнап койоюн, Сыр бербей күлүп жайнап тосойун. Үйлөрдү иреттеп бүтүп, жаны эле ашканада тамактын камын көрүп жатсам, эшикти ачып Тилекмат келди. Настроениеси жакшы. Бетимен өөп учурашып, колундагы пакетин мага сунду: — Бул сага белек жаным. Акырын алып шкафка койдум да: — Мынча кубанычтуусуң, себебин билсем болобу? — дедим күлүмсүрөй. — Эртең борбордон ревизор келет экен, биздин шефтер чарк айланып жүрөт. Мен гана сүйүнүп жатам. Ал ревизор кайнагамдын таанышы болуп кетет экен. Санаам тынып калды, — деди кытмыр жылмая. — Мага «Караколдун периштесинен даярдап койсун» дептир. Караколдо бир гана Калбү деген периште бар да. Башка периште кайдан табат элем. Бул сөздү укканда, каным кайнап чыкты, өзүмдү араң кармап, сыр бербей жылмайдым: — Анда мен бүгүн эс алып, сенин жумушуң үчүн даярданып турайын. Бирок менде оңчулуктуу кийим жок да, кийимсиз любой аял периште болбой калат. — Ал жагынан санааркаба, мына бу акчаны ошол үчүн алып келдим. — Столдун үстүнө 300 рублду койду. — Жакшылап түшүн, бул ревизор биздин келечегибиз, сен жашап жаткан квартираң, тамак-аш, кийимдериңди ушул келип кеткенде чыгарып алабыз. 3 күн сабакка барба. — Макул, — дедим кытмырлана, — Айтканың болсун, мени сен билесиң го. — Калбү, мен сени эч кимге бергим келбейт, бирок бул ревизор болуп жатат, ушуну туура түшүн. — Тилекмат, мен туура түшүндүм, эми санааң тынч бара берсең болот, мен звонокту күтүп, телефондон жылбай отурам. Менин сөздөрүмдөн кийин санаасы тынып, Тилекмат кетти. «Шүмшүк, шашпа, — дедим, — мен сага көргүлүктү көргөзөм» . Кагазга оролгон немесин карасам, шумдук — түнкү кийип жатчу ич кийим экен. Жука халаты менен. Сыягы мени ревизорго даярдап жатканы го. Эрдимди кырча тиштеп, өксүп-өксүп ыйлап алдым. Жанагы түрү суук эрим оң болгондо ушу жолду тандайт белем. Туруп барып бети-колду жуунуп, аналгинден ичип, жатып алдым. Тамакка көңүл чаппады, Ойлонуп жатып уктап кетипмин, ойгонсом таң атып кетиптир. Туруп жуунуп, дагы аналгинден ичтим да, чай койдум, бүгүнкү күн кандай болоор экен. Кандай кылсам экен. Чай буркулдап кайнап кетти, оюм үзүлүп чайымды ичтим. Ал аңгыча эзели шыңгырабаган телефон шыңгырады. — Ало, Калбү? — Ии? — Ревизор келип, текшерип жатат. Азыр магазинден ылайыктуу кийим таппайсың. Подьезден чыгып берирээк тур, мен барып алып кетем. — Макул. Трубканы коюп, кийиндим да 300 рублду алып сыртка жөнөдүм. Күттүрбөй Тилекмат бат эле зуулдап жетип келди. Машинасына түшүп горторгдун начальнигине бардык. Кабылдамада жалгыз отурган экен. — Курманбек Малиевич, руксатпы? — деди да, мени кошо алып кирди. — Тилекмат, сен бара бер, айылдан алып келчүңдү алып кел, мен бул кызды магазинчиге табыштайм, — деп, Тилекматты чыгарып жиберип, мени алып калды. Жашы элүүгө таяп калган бул киши толмоч болгону менен, Тилекматтан алда канча сулуу, мээримдүү көрүнүп кетти. — Кош сулуу, атың ким ? — деди мага жылмая. — Калбү. — Каякта окуйсуң же иштейсиң? — Кооперативный училищада. — Жакшы, сени көрүп, ревизорго кыйбай турам, подрушкаларыңдан дагы барбы? Акчасын төлөп берем. — Караштырып көрөйүн, агай. — Мына 1000 рублду ал да, подрушка изде, таба албасаң өзүң келе бер, андан аркысын сүйлөшөбүз. — Баса койо турчу, — телефонду чалып, бирөөнү чакырды. Орто жашап калган аял экен. — Бул кызды складка алпарып, ылайыктап үч түрлүү кийим кийгизчи. Аял мени ээрчитип бир жакка алып барды, шумдук кийимдер. Жагабы деп менден сураган да жок. Тандап 2 көйнөк, 2 свитир, колготки, бир костюм-юбка кылып, пакетке салыштырды. Ары жакта сонун шуба турган экен. — Эже, тетиги шубаны алсам болобу, акчасын берем, — десем: — Мейли ал, дагы эмне алгың келет? — деди жылмая. Мен карап өзүмө тандап, шуба, бир пальто, бир сапошка, сумка алдым. — Эже, канча болот булар? — Бекер эле ала бер, анан шефке айтып койсоң болду. Кийимдерди оротуп, шефтин шоферуна салдыртып, мени квартирама жеткиздирип койду. «Шашпа, Тилекмат, — дедим, — буюрса шефти чабайынчы, анан сени кидат этем». Кечээки ызам бүгүн тарап, өмүрү көрбөгөн кийимди кийип заматта королева болуп чыга келдим. Кой эми, жатаканага барайын, тиги Гүлүмканга сүйлөшүп көрөйүн, ал деле кыз эмес, кыздар ушактап калат, ошентсе да кыз деген аты бар эмеспи. Чыгып жатаканага жөнөдүм. Комнатага кирбей терезеден кыйкырдым: — Гүлүмкан! Терезе ачылып Гүлүмкан чыкты. — Кирбейсиңби? — Жок, шашып жатам, түшө калчы, — дедим. Четтеп турсам, Гүлүмкан чыкты. — Ай, не болду сага? — Гүлүмкан, мени жаман көрбөчү, бирок бир сунушум бар, бир жакка чогуу мени менен конокко барып келесиңби? — Макул, анда турган не бар, комнатта нан жок, же акча жок жатабыз, стипендияга али бир жума бар. Коноктон тоюп келейин. — Гүлүмкан, биз конокко барчулар жаш эмес, сага ишенген үчүн келдим, 1000 рубль беришти мага, экөөбүз 500 рублдан бөлүшүп алалы да, мага да акча керек, сага да керек. — Калбү, койчу, чын эле 500 рублбу же 50 рублбу? — Качан сени алдадым эле, мына беш жүз рубль, — сумкамдан тутам акчаны алып көрсөтүп, кайра салып койдум. — Калбү, дал азыр жаш жигит эмес, мага чал керек болуп турат. Жигиттен көңүл калды. Үйлөнөм деп бир жатып алып, качып кетишет, калган проблеманы кийин сүйлөшөлү. Мен кийинип чыгайын. Гүлүмкан бат эле кийинип чыкты. Экөөбүз ээрчишип алып шефке бардык. — Калбү, сен жанагы эжеңе барып, бул кызга кийим тандаш. Анан мага кайра кире кетүүнү унутпа. — Жарайт агай, — деп баш ийкедим. Гүлүмканды ээрчитип, жанагы эженин кабинетине бардым. Ал эже бизди складка түшүрүп, кийим тандашты. Гүлүмканга да жарашыктуу көйнөктөн экини, туфли, өзүмө да туфли, жемпир, колготки, наски, ич кийим алдык. Эже бизге өзү тандап 4 түнкү халат берди, чооң 2 сүлгү — баарын ороп, шоферго айтып жеткиртип койду. Квартирама келгенде экөөбүздүн кубанычыбыз чексиз, мындай кийимди байдын балдары кийчү да! Гүлүмкан көйнөктү кийип абдан сүйүндү. Улам бирин карап кубанычы чексиз. Мен ага түшүндүрдүм. Бишкектен ревизор келет экен. Экөөбүз экөө менен 3 түн өткөрөт экенбиз. Сумкадан 500 рублды алып чыктым. — Мына Гүлүмкан, сенин доляң, эми жигиттерди унут, биз байып, ошол жигиттерден өч алуу үчүн жашайбыз. Анан көрсүн биздин ким экенибизди. Гүлүмкан акчаны алып, бузгалтерине тыкты. — Эй, акчаны комнатага барып катып кел, сабакка үч күн барбасыңды айтып кел, издебесин сени, — деп, пакетке үйдөгү эттен, кесме, май кылып берип жибердим. — Барып тез кайт. Өзүм кийимдеримди шкафка салып, баарын белгилеп, акчаны матрацты четинен акырын оюп, ичине тыгып туруп, тигип салдым. Ваннага түшүп чайканып, чачымды кургатып флойкалагыча Гүлүмкан жетип келди. Ал да жуунуп, аны да жасалгалап, айтор жалгыз болбой жыргап эле калдым. Бир маалда телефон шыңгырады. — Ало, Калбү? — Ии, угуп жатам. Тиги шефтин үнү экен. — Жана кезикпей кетипсиң, азыр даярсыңарбы? — Ооба, экөөбүз тең. — Анда мындай, Калбү, ревизор сени тандабаш үчүн, мен сени ойношум деп тааныштырам, тиги досуң Ревизор менен болсун. — Жарайт, агай. — Шоферду жиберем, силерди алып келет. — Макул. Трубканы койдум да, Гүлүмканга айттым: — Азыр алып кетет, ревизор менен болосуң, баары жакшы болот. Аңгыча машина келип бизди алып кетти. Биз барган Каракол мейманканасы шумдук экен. Атайын бөлмөлөр, эт, кымыз, бизди тейлеген официанткалар. Зыңгырап биз да өзүбүздү байдын токолундай сезип, кеченин звездасы болуп жаттык. Гүлүмканды Фрунзеден келген ревизор коомай кучактап, мени шеф кучактап айтор бул жерде укмуш тосттор айтылып жатты. Ревизор десе эле шумдук элестетип алыпмын. 55тен өтүп калган, толмоч келген кадимки эле киши экен. Шаан-шөкөтүбүз бүтүп, ревизор Гүлүмканды ээрчитип өзүнчө даярдалган комнатага кетти. Мени шеф колтуктап өзүбүзчө чакан бөлмөгө кирдик. Экөөбүз тең алагүү, ичибизди градустар ысытып жатат. Биз үчүн даярдалган керебетке кыйшайып, шеф мени кучактап, мойнуман жыттап отурду. — Калбү, жаш экенсиң, жаштыгыңа мас болуп жатам, татынакай да кыз экенсиң. Эми менин жашым улуу, сага уят болбос бекем. Акырын колу менен мени төшөккө жыга, кийимдеримди чечинтип кирди. Жанагы Тилекмат дегенден кутулуу үчүн шефке жагуум керек экенин ойлоп, бааланбай өзүм шыпылдап чечинип, шефти да чечинтип кирдим. Ушундай эле жагып турганбы, «не кылсаң өзүң бил» деп чалкасынан жатып берди. Көйнөгүнүн бүчүлөрүн чечип, шымын чечип стулга койдум, кийимдеринин баарын таза алып, өзүм да атайын даярдалган жука халатты кийип, шефтин үстүнө жаттым. Адегенде кулагынын түбүнөн өөп, бетинен сылап, акырын колумду аспабына жибердим. Аспабы анча жаштардыкындай зыңкыйбаса да, даяр болуп калыптыр, колум менен сылагыласам, шеф охулдап мага жалынып кирди. Бир азга сылагылап анан колум менен тууралап, аспабын кыныма киргизип, темине баштадым. Кыялымда татынакай Муратты элестетип шефтин үстүндө күлүк аттай чапкыладым. Мураттын сүйкүм элеси келди. Кудум экөөбүз кумарга батып жаткансып, жан дүйнөмдү жибитип берилип жаттым. Шефтин жыргалга батканы анын кыймыл аракетинен эле көрүнүп турду. Тээ далайга жорголоп жатып шефтин аспабын бошоттум. Кумарга мас болуп шеф жатып эле калды. Туруп барып душтан чайканып келдим да, шефтин жанына жаттым. Ал менин мойнума колун ороп, бетимен өөп ырахматын айтып жатты: — Калбү, мага чоң ырахат тартууладың, не айтсаң да макулмун, мындан ары мендик болчу, мага чейинкиң мени кызыктырбайт. Экөөбүз мындан ары жакын достордон бололу, не суранычың бар, айт? Моменттен пайдалана: — Мага квартира таап бериңиз кабат үйлөрдөн, эки бөлмөлүү, — дедим. — Жарайт жаным, сага квартира эмес, кийим-кечегиңди бүт алып берем. Асмандагы айды да аперем! — деп көкүрөгүнө улам кысып, маңдайыман өөп койот. Ар кайсыны сурашып отуруп, шеф уйкуга кирди, анын артынан мен да уктап эс алууну туура көрдүм. Эртең менен жай ойгондук. Туруп душка түштүк. Конок үйүнө келсек дасторкондор жайылып, тамак-аш, суусундук, ичимдик турат. Ревизор менен Гүлүмкан да кирип келишти. Официанттар апкелген ысык куурдактан жеп, чай ичип отурдук. Шеф менен ревизор баш жазышкан жок. Куурдактан жешти да, биз менен коштошо, иштерине кетти. Гүлүмкан экөөбүз арактан жүз граммдан куюп баш жаздык. — Калбү, жаш жигиттер орой. Карачы, билимдүү киши, менин оюм менен болду. Мен да аны таарынтпай жакшы аракет кылып жыргаттым. Сен шефиңди кантип? — деп кыраан каткырды. — Гүлүш, мен сенден ашпасам кемибейм го, тиги ревизордон пайда чыкчудайбы? Мен шефтен квартира сурап жатам. Ал квартира берсе экөөбүз ошол жакка чыгалы, макул болсоң. Жатаканада куурап жүрөт белең? — Калбү, ошондой болсо гана, мен да тажадым. Айрыкча баягы, уксаң керек, армияга балдарды узатканы барганда, мени зордуктап кетишкен. Үйдөгүлөр элден уят деп сотко бербей, тигилердин ата энеси менен келишип алды. Азыр мага баары бир, ошол желмогуздардан өч алсам болду. — Кайгырба, Гүлүш, алардын өчүн алперем, убакыт, күтүү керек. Мени да күйөөм чанып, күйөөгө тийди аты менен эле жүрөм. Ичим толо бук. Бизге күйөөдөн бак айтпаса да, ойноштон айтат. Сонун кийинебиз, магазинге орношобуз, милициядан ойнош табабыз, и жанагы зордукчуларды амал таап соттотобуз. Күтөлү, чыдайлы, курбум. Андан көрө бүгүнкү жетишкенибиз үчүн, мына квартирага чыксак, биз менен эч кимдин иши болбойт. Суббота жеңем келет, сени жатаканадан куратордон сурап алабыз. Короче, жеңемдин эжесинин үйүндө жашаган болобуз. Ооз басырык кылып, подарка берип койобуз. Андан көрө кел дагы жүздөн алалы. Карачы, бизди сыйлап дасторкон үстүн жайнатып, акча-кийимдерин берип жатышат, жаш эркектерче зөөкүрлүк көргөзбөйт, бир түнгө бир эле жолу жарашат. Кыскасы, жаштардай эсти оодарбайт да. Ушул чалдар аман болсун, кемпирлери карып турганда биз жардамга келип буларды жашартып, пайдасын да көрсөк неге болбосун. Гүлүмкан да көңүлү жай, ичиндегисин бир төгүп алды. — Калбү, билесиңби, мени жигитим «армияга узат!» деп жалдыраган. Сүйгөн жигитим суранып жатса кантип кой дейм. 10-классты бүтүүчү жылым болуп жаткан соң, үйдөгүлөр да жиберди. 10-май болчу. Кошуна классташ кызым экөөбүз узатканы барганбыз. Башында жакшы эле отурдук. Жигитим экөөбүз кучакташып, өбүшүп. Анан бир маалда жигитим: — Жүрү, Гүлүмкан, сыртка чыгып келеличи, — деди. Эч жамандык оюмда жок, сыртка чыктым. Огороддун ылдый жагына ээрчишип бардык. — Гүлүмкан сен мени күтөсүңбү? — деди. — Күтөм. — Мен ишене албай турам, — деп, мени бетимен сүйдү. Жакшы эле сүйлөшүп отурганбыз, байкоосуздан мени күч колдонуп, жерге жыгып шымымды чече баштады. Катуу кыйкырдым. Оозумду тумчуктуруп, бетке-көзгө койгулап кирди. Бир кезде ар жактан үч теңтушу жүгүрүп келди. — Не болуп жатасыңар? — деп. — Кармап тургула бутунан, бул мага кыздыгын бергиси келбей жатат. Кой деп койбостон, достору бутумдан басып, колумду кармашты. Жигитим күчкө салып зордуктап салды. Бир кезде бирөөсү, анын артынан бирөөсү болуп, үчөө мени кезектешип зордоду. — Ушул жерге кармап тургула, армиядан мага кайдан катын, муну таң аткыча жайлап алайын. Тиякта апамдар издебесин, көрүнүп келе салайын! — деп бир досун ээрчитип кетти. Дүйнөм тарып өлгүм келди. Бирок 2 досу мени кармап турат. Бир кезде ары жактан жигитим колуна бир нерсе көтөрүп келди. — Ачууну ачуу басат, Гүлүмкан, ме ич! — деп бир стакан арак сунду. — Ичпейм, — дедим. Ылдый эңкейип оозума басып алып арак куя баштады. — Мынча аңгиге чыдай албайсың го, сени аяп жатам, арак ичсең билбей каласың. Аракты ичип көрбөгөн жаным, башым тегеренип жатып калдым. Кимдер экенин билип турам, бирок дарманым жок. Кыймылдай албай, ушул жерге келгениме жүз өкүндүм. Ата-эне баласын жамандыкка кыйбайт тура. «Барба, тынч жүр» десе чоңоюп алып укпайт экенбиз. Мага сооп дедим ичимен. Жигитим мени дагы бир жолу зордуктады да, ошол бойдон келбеди. Ар кайсысы келип зордуктай берди, бир кезде карыган курсагы бар киши келип, ал да зордуктады. Айтор узатууга келген эркек аттуунун баары менден кур калган жок окшойт. Таң агарып 5тер болуп калганда гана мени бир досу кийинтип үйүмө узатып койду. Классташ кызымдын тагдыры не болду, белгисиз. Акырын эжем жатчу бөлмөгө кирип жатып алдым. Эртеси бүт денем ооруган, алаам ооруп анысы аз келгенсип арактан баш ооруп. Эжем мени таң калыштуу карады: — Ай сенин өңүң не болгон, бир түрлүү болуп турасың? Болушаар киши табылып ыйлап жибердим. Болгонун болгондой айттым. Эжем ызаланып турду. Апамды чакырып, апама айттык. Апам бизди тыйды. — Сотко берсек элдин баары билип, абийирибиз төгүлөт. Имиш бойдон гана кала берсин. Мен энесине айтайын. Жулунган эжемди кошпой, өзү чыгып кеткен. Тээ бир кеч курун болгондо келди. Балдардын ата-энеси «тымызын бүтүрөлү, жаш балдарды соттотпо» дептир. Ошентип алардан акча алып, соттошпой калдык. Бирок менин көксөөм суубады. Эртеси сабакка бардым сыр бербей, энем үйрөткөндөй. Классташ кызым да жакшынакай жүрөт. Сыягы ал үйдө болуп, эч ким тийбесе керек. Бат эле акыркы коңгуроо болуп, андан улай консультация, анан бүтүрүү экзамени болуп бүтүп, аттестаттар колго тийди. Энем шаарда жашаган эжеме кошуп, «эми айылга жолобо!» деп мени биротоло кетирди. Караколдо квартирада жашап, эжем иштеп, мен окууга тапшырдым. Күзгө жуук мен училишага киргенде, эжемди күйөө ала качып, мен айла жок жатаканага чыгууга туура келди. Ушуларды айтып отуруп, Гүлүмкан ыйлап да алды. — Ал зордукчулар азыр аскерде, келишсе сөзсүз өч алам! — деп күйүгүп отурду. — Ээ Гүлүш, ага башты оорутпа, мага кой, мен алардын эсебин табам, андан көрө кичине уктап алалы, кечинде шеф менен ревизорго жагалы. Биздин тагдыр ошолор. Алар акча берип турса, биз тааныш таап, сени зордуктаган аңгилердин сазайын берем. Сен мындан ары көңүлдүү жүр, акча болсо, кыйын кийинсек, элдин сөзүн урганыбыз барбы? Бул өмүргө бир келдик. Жүрөгүбүздү иретке келтирип, каалагандай жашайлычы. Гүлүмканды кучактап, кайрат айттым. Экөөбүз дагы жүз граммдан соктук да, чогуу кучакташып, уктап калдык. Катуу уктаппыз, тейлөөчү жигит келип ойготту. — Сиздерди тамак иччү комнатада чакырып жатат, — деп. Гүлүмкан экөөбүз бетибизди жууп, чала була бойондук да, тамак иччү бөлмөгө кирдик. — Ой биздин периштелер, келгиле! — Шеф ордунан тура кала орун бошотту. Бизди столдун төр жагына өткөзүп, экөө эки жагыбыздан сый көрсөтүп жатты. Бүгүнкү текшерүүлөрү так, ойдогудай болгонун айтып, дагы 2 күнгө жетпей аяктаарын быжырап отурушту. Өзгөчө шефтин көңүлү куунак. — Бүгүнкү текшерүүнүн ойдогудай аякташы менен эки периштеге белегибиз бар деп шеф ордунан обдулуп, ар жактагы салафандан чехский 2 туфли, 2 курткасы менен алып чыкты. — Эки периштеге койондой окшошун тандадык, кана кийип чыккылачы. Кубанычыбыздан көздөрүбүз жылтырап, туфли менен куртканы алып жатчу бөлмөгө кирдик. Гүлүмкан экөөбүзгө тең сонун жарашып калды. Кыраакы кишилер да, оңураак курткабыз жок экенин байкаган. Кийинип чыгып, тиги экөөнө көрүндүк. Стакандарга коньяк куюлуп даяр экен. — Кийимиңер кут болсун, жаныңар бек болуп, биздин жаныбызда ушинтип жүрө бергиле! — деп ревизор тост айтты. Аны шеф кубаттады. — Рахмат сиздерге да, өзгөчө ыраазыбыз сиздерге! — деп тост айттым да, алып жибердим. Мени улай Шеф, анан ревизор, Гүлүмкан алышты. Тейлөөчү бала чоң подносторго беш бармак даярдап келди. Андан жедик, кымыз, арак баары аралашты. Көңүлүбүз жайдарыбы же жаштыкпы, анча мас болбодук. Шаракташып отуруп, түн да кирди, ар кимибиз өз жатчу бөлмөгө кирдик. Шеф душка түшүп келип, төшөккө кыйшайды. — Калбү, кечээ катуу секс кылган экенбиз, бүгүн өзүң бирдеңке кылбасаң, менде ал жок. Ревизорду да тиги дос кызың жыргатыптыр, мурда келиндерди алып келип, бир түндө эле тажачу ревизор. 3 күнгө 3 келин даярдачубуз. Ырас бул кызды жактырып бүгүн да, «ушул кыз эле болот, башканы издебе» деди. Сүйүнүп кеттим. Келиндер эле макул болуп турабы. Андан көрө мындан кийин дос кызыңды чогуу ала жүр, кереги тиет. Бир соодагер тааныштардын үйү бар экен кабат үйлөрдө. Ырас биринчи этаж экен. Ленин Комсомолу көчөсү менен, 1-май көчөсүндөгү үйлөрдөн экен. Окууңа жакын. — Ырахмат жаным, мени ойлогонуңа! Мен сени ушунча жакшы көрүп калдым. Ал проблеманы башка күнү сүйлөшөлү, азыр мен сени каалап жатам! — деп мойнунан өпкүлөп, кийимдерин чече баштадым. Кандай кыйын эркек болсо да, жашы өйдөлөгөн сайын секске анча жарамдуу болбой калат экен. Эптеп аспабын сылагылап жатып, араң тургуздум. Назик эркелетип магдыратып жатып, аспабын араң бошоттум. Жумуштан катуу чарчаганбы, секстин аркасы менен куш уйкуга кетти. Анын аркасы менен мен да куш уйкуну салдым. Бүгүн эрте ойгондум, душка түшүп келсем, шеф кийинип жатыптыр. Колумду мойнуна артып эркелеттим. — Калбү, бүгүнтөн баштап иштерди бүтүрөбүз жумуштагы, сен подрушкаң экөөң квартираңарга бара бергиле. Тиги муздаткычтагы эт кымыз, баарын квартираңарга ала кеткиле. Азыр шофер келсе, силерди жеткизет. Баса телефон номуруңду жазып кой, — деп чөнтөгүнөн блокнот алып сунду. Мен телефон номурду жазып бердим. Конок бөлмөгө кирсек эртең мененки тамак даяр. Жаңыдан шеф экөөбүз ичип жатсак, ревизор менен Гүлүмкан келди. Алар менен чогуу тамактанып, бир сыйрадан коньяк алдык. — Азыр шоферум бизди жеткирип коюп, силерди алып барып таштайт, — деп шеф айтты да, ревизор экөө чыгып кетти. Мен ойлонбой муздаткычты ачып, баарын пакеттерге салыштырдым. Канистирдеги кымызды да алдым. Коньяк, арагын, дасторкондогу түрлүү тамактан салып алдым. — Калбү, мунун баарын не кыласың? — деди Гүлүмкан. — Коркпо тойлойбуз, жөн турбай салыштыралы, куртка, туфлини унутпайлы, — деп эскерттим. Көп өтпөй шефтин шоферу келди. Ага шеф эскертсе керек, мен салган заттарды көтөрүшүп мейманканадан сыртка жөнөдүк. Машинасы менен шоферу үйгө чейин алып келип, заттарыбызды үйгө чейин киргизишип берди. Өз үй, өлөң төшөгүм деп эле жатып калдым. Түштөн кийин шеф чалды: — Квартира дайын, кечке жуук көчүрөт силерди, — деп. Жанталашып матрацты тытып акчамды алдым. Тилекмат алып берген кийимдерди таштадым. 50 рублун кошо үстүнө койдум. Складдан алган шуба, кийимдеримди алып, тамак-аштарды кайра иреттеп салдык. Кеч кирип баратканда Шефтин шоферу келди. Болгон кийим-кечек, тамак-ашыбызды салдык да, эшикти бекитип жөнөдүк. Биздин квартирадан анча алыс эмес эле жерде экен квартира, биринчи кабатта экен. Ичине киргенибизде үч бөлмөлүү, ашканасы кенен, ваннасы өзүнчө, туалети өзүнчө, сонун квартира экен. Ашканада чоң муздаткычы, детскийде шифонери, диван кроваттары, креслолору бар экен. — Калбү, сен кыйын келинсиң, карачы сонун квартира таптың. Сени менен курбу болгонума кубанамын! Гүлүмкан сүйүнүчтөн төбөсү көккө жетип турду. — Гүлүмкан, сен бул залга жаша, бул бөлмө сеники, кандай жашайсың, өзүңдүн ишиң, ашкананы экөөбүз чогуу урунабыз. Детский мага керек, тиги залга мен жашайм, макулсуңбу? Бирок группалаш кыздарды алып келмей жок, бул биздин секретный үйүбүз, антпесек биздин былык билинип калат, — деп эскерттим. — Калбү, мен кыз гана эмес, эркек да алып келбейм, өз башым батканга сүйүнөйүнчү. Сен кандай десең, ошону аткарам. Мага ишен, курбум, — Гүлүмкан чын ниетинен келип мойнуман кучактады. — Сен менин тирегимсиң. Сен менин ишенээримсиң. — Жүрү анда Гүлүмкан тамак-ашты муздаткычты тазалап салыштыралы. Бир жыйнап алсак болду, иретке келе түшөбүз. Экөөбүз иреттеп алып, столго тамак-аш жайып отурсак, эшиктин коңгуроосу басылды. «Ким болду экен?» деп карасам Тилекмат экен. Сыягы, шефтин шоферунан адрес алып келген окшойт. Эшикти ачтым да: — Кир үйгө, — дедим. — Калбү, сен неге бул жакка көчтүң? Акчаны, мен алып бергендин баарын таштапсың, сага не болду? — деп мени кучактоого умтулду. — Гүлүмкан! — дедим кыйкыра, — чөнтөгүмдөгү ачкычты алып келчи. Гүлүмкан ачкычты алып келди. — Тилекмат, сен мени башкага бергениңди унутуп калдынбы ыя? Мен сага мал эмесмин саткандай, айтканыңды эки кылбай аткарып, ревизор менен болдум. Эми мен ревизордун ойношумун, менден алыс жүр, болбосо ишиңде гана эмес, үйбүлөңө проблема кылам. Эми ойнош тапсаң аны сатпа, бул сага менин кеңешим, — дедим да, эшикти жаңсадым. — Чык эшикке, ачкычыңды алдың, мен сага карызым жок. Тээ баягы көтөндөгөнү эсиме түшүп, өлө өч алгым келди, бирок аядым кайра — сормо саздан алып чыккан болчу да баары бир.. Тилекмат башын шылкыйтып бир ооз сүйлөй албай чыгып кетти. Ух бир жыргадым да! Келип кайра Гүлүмкан экөөбүз бир стакандан арак ичтик. — Гүлүмкан, эми ичпейли, иретке келели. Канча күн болуп кетти, майрам дегендин атасын окуттук. Эртең сабакка баралы. Ваннасына түшөлү, сабакка беленденели. Кышкы сессия келе жатат. Ага даярдык көрөлү. — Туура Калбү? антпесек болбойт, окуудан да артта калабыз. Калбү? стипендия алсак, менде сен берген 500 рубль бар, ревизор 200 рубль берди. Ушул акчага экөөбүз окшош бир нерсе сатып албайлыбы? — Гүлүмкан, кийим деле жыртылат, кийимди тигилер аперсин, экөөбүз андан көрө акчаларды кассага сактайлы, сен өзүңчө өзүңө сал, мен өзүмчө салам. Кыйналган күндөрдө керектейсиң. Бизге стипендиянын өзү жетет. Экономдуу жашайлы, акча чогултуп, өзүбүз бутубуздан турганга аракет кылалы. Эртең булар экөөбүздү таштап кетсе кайда барабыз? Мына ошондо керек акчаларыбыз. Менин акылым Гүлүмканга жакты. Ваннага түшүп, эртеңки сабакка кийим-кечегибизди белендеп жатууга кам урдук. Жана киргенде байкабаппыз, бул үйдө телефону да бар экен. Номерин гана билбейбиз. Гүлүмкан экөөбүз өз комнаталарыбызга жаттык. Түн ичинде ревизор келди. Гүлүмкан экөө аркы комнатада кужулдашып каткырып жатышты. Рас шеф келген жок. Мен ырахаттанып өзүмчө тынч уйкуга кеттим. Эртең менен эрте турдум, Гүлүмкан менден биринчи чай коюп жатыптыр. Муздаткычтан кечеки алып келген эттерди коюп, ревизорго чай бердик. Аңгыча эшик тыкылдап шефтин шоферу келип ревизорду алып кетти. Гүлүмкан экөөбүз бир пакетке бышкан эт, боорсок, банкага кымыз куюп алдык да, квартираны бекитип окууга жөнөдүк. Сабакка кирип, 3 пар бүткүчө өлүп кала жаздадык. Бүгүн рас строгий агайдын сабагы жок экен. Сабактан чыгып, кыздар менен жатаканага бардык. Гүлүмкан кийимдерин, өзүнүн майда-чүйдөсүн жыйыштырды. Комнатада калган эки кызга пакеттеги бышкан эт, боорсок, кымызды таштадык. «Тойдон келдик» деп. Шалпактап алып жөө кайра квартирага келдик. Гүлүмкан кийимдерин иреттеп жүрөт. Мен телефондун книжкасын издеп жүрөм. Карасам телефон номер телефондун кичинекей эле капталында жазылуу экен. Аны блокнотума жаздым. Ашкананы жыйыштырдым. Бир сыйра свежий продукт алсакпы деп ойлонуп отурсам, эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Барып ачсам шефтин шоферу, коробкалап бир нерселерди ташып киргизип жатат. Баарын киргизген соң, алып келген заттардын тизмесин берди да, чыгып кетти. Коробкаларды четинен ача баштадык. Май, чай, эт, жашылча — бүтүндөй продукт экен. Ревизор далайга жүрөт го деп ойлодум. Мынча продукт апкелгенине караганда. Бир мешок жогорку сорт ун алып келиптир. — Тобо, унду неге апкелди, бизди нан жасасын дегениби? — деп Гүлүмкан экөөбүз кыраан каткырдык. Коробкаларды бошотуп иреттеп алган соң, ревизорго не тамак жасасак деп баш катты. — Куурдак оңой, ошону жасайлы, — дедим мен. Гүлүмкан эттен туурап, мен картошка аарчып, кечки тамактын камын көрдүк. Кечке карай ревизор шеф экөө келди. Төртөөбүз куурдак жеп, коньяктан ууртап коюп көпкө сүйлөштүк. — Калбү, сен таарынбай тур, мен үйүмө барайын. Шашпай мамилени иретке келтиребиз, — деп шеф бетимен өөп коштошуп чыгып кетти. Настроеним түшүп ашканага кирдим. — Калбү, настроениеңди түшүрбө, сага бир шерик табабыз. Шефиңдин деле башка ойноштору болсо керек. Телефон бар тура рас. Ревизор телефондон бир таанышына чалды. Мен унчуккан жокмун. Айтса айтпаса төгүнбү? Канча ойношу бар, мен кайдан билем. Ал таанышы көп күттүргөн жок. 1 саатка жетип-жетпей келди. Эшиктин коңгуроосу шыңгыраганда ачсам келбеттүү, сары чийкил, орто жаштагы эркек кирди. Колунда бир пакети бар. Залга өтө, ревизорго кубанычтуу учурашты: — Ой Саке, качан келдиң эле? — Манаппай досум, менин ревизияга келгеним 2 күн болду. Жумуштан кол тийбей, мына бүгүн чоло тийди. Бажылдашкан экөөнүн сөзү бүтөөр эмес. — Тамак ичиңиздер, — деп Гүлүмкан чакырганда гана эстерине келип, ревизор Саке бизди эстеди. — Ой Манап, сени көрүп эсимен баары чыккан тура. Быяктагы периштелерди да унутупмун го. Жүрү досум, чай ичели. Ашканага баарыбыз чогуу отуруп, Саке ревизор бизди Манап досуна тааныштырды. — Бул Манап, досум. Челпекте зоотехник. Болгондо да главный. А бул татынакай периште Гүлүмкан, менин сүйгөнүм. Бул сулуу кыз Калбү, ушул сулуу Калбү периште менен сени тааныштырайын дедим эле, дос. Манап досунун бети албырып, апкелген шампанын аттырып, чыныларга куйду (бокал кайдан студенттерде). — Сулуулар, таанышканыбыз үчүн алып жиберели, — деп тос сүйлөдү. Биз да тосуна кошулуп шампандан алып жибердик. — Гүлүш, кечке эле куурдак жеп тажадым, суйук шорпо жасачы, пахмелде ичип кетели, — деп ревизор Саке Гүлүмканга кайрылды. Мен турайын десем: — Гүлүш жасасын, сен Манап досум менен отур, жакындан таанышып, — деп отургузуп койду. Ар кайсы кептерден айтып каткырып, коньяк-арагынан аралаштырып ичип коюп жаттык. Ичке градус киргенде чоочуркабай да калат экенсиң. Аңгыча ысык шорпо даяр болуп, андан ичтик. Дагы бир сыйрадан тос көтөрүп арак ичтик да, жатууга кам урдук. Тиги Манап шумдук эле жыпы го, бат эле мени бөлмөгө жетелеп төшөккө жаткызды. Мен да эптеп чечинип, бааланбай кучакташып эле калдым. Эки эмчегимдин үрпүнөн соруп, денемди өпкүлөп, бат эле зыңкыйган аспабын кыныма тыга сала чабуулга өттү. Деле жанымды койор эмес. Кулагымдын учунан соргондо ээрип эле эсимди жоготуп жатып калыпмын. Бир аз эсимди жыйнасам, мени кучактап жатыптыр. — Калбү, сендей жаш кыздар менен боло элекмин, жаштыгың мени көкөлөттү. Бирок толтура келиндер менен жатканымды мойундаймын. — Божурап ойношторун санап кирди мактанып. Эримден беш бетер мастыгым менен кызганыч пайда болуп кетип, үстүнө чыктым. — Аларың мага жетпейт, мен азыр сага көргөзөмүн! — деп колумду аспабына жиберип, сылагыладым. Моюндарынан өпкүлөдүм, өзүн туурап кулагынын учунан сордум. Аспабы бир заматта зыңкыйып чыга келди. Тууралап туруп, кыныма киргиздим да, теминип охулдата баштадым. Баягы мактанган Манабым жок, өлүп-талып жалынып, алдымда байкуш болуп жатты. Тиги комнатада ревизор менен Гүлүм бар экенин да унутуп калып, охулдаша бериппиз. Бир далайда теминип атып аспабын бошоттум да, жанына имере кучактай жата кеттим. — Калбү, эми сага келип турсам болобу? — деп жалынды. — Качан келип тураарыңды дагы кенешебиз, сен кайра кетесиңби же эртең менен кетесиңби? — тактап койуу максатында сурадым. — Сендей жаш периштенин жанынан кайдан кетмек элем, куусаң да кетпейм, эртең менен кетейин, өзүң жөнүндө айтчы андан көрө Калбү, күйөөң барбы же ажыраштың беле? — Күйөөм бар, айылда, мен бул жакта окуймун да. Алтынчы-базар күндөрү барып турам. Же Манап жигит, барбай эле койоюнбу ? — артын тамаша чала сүйлөдүм. Экөөбүз ар нерсе сүйлөшүп жаткыча, таңга жуук болуп калган экен, уйкуга кеттик. — Калбү ойгон, сабактан кечиктик! — деген Гүлүмкандын үнүнөн чоочуп ойгондум. — Эй Гүлүмкан, бүгүнчө барбай эле койолу, тиги строгий агайдын сабагы бар да, — көзүмдү чала-була ача каткыра сөзүмдү уладым. — Гүкүш, строгий агайыңды жайлап салгам эбак, бүгүн барганда ага дарман калбады. Түндө Манап эсти оодарды. — Калбү, силердин үнүңөрдү угуп алып өлүп калдык күлкүдөн, биздин бар экенибизди унутуп калып, катуу киришип кеттиңер го. Бирок пайдасы тийди. Биз да силердин үндөн кубат алып, ишибизди бүтүрүп, ревизорду ыраазы кылдым. Гүлүмкан экөөбүз каткырып эле жатып калдык. — Калбү, жатып эле атабыз, боюбузда болуп калбайбы? Сенин го күйөөң бар, көчүгүң жабылат. Мен эмне кылам? — Гүлүмкан муңайып калды. — Коркпо, ал маселени да чечип берем, — дедим баатырсына. — Андан көрө шорпо калды беле, баш ооруп жатат, баш жазалычы. Арак барбы? Гүлүмкан шорпо жылытып, мен арактын түптөрүн куюштуруп бир стакан ичип жибердим. Жылыган шорподон ичип, бир аз аксуудан жутканда барып башым оңоло түштү. — Гүлүш, айылга барып келүүнүн амалын ойлойлу, жеңеме кезигүүм керек, ал келсе тиги адрести таппай кыйналат. Кантсек экен, ии шефке айтайын баса, шоферу мени айылга апарып келсин деп, сен кошо бар. — Чын эле жеңеңди бүтүрөлү, ал келип убара болбосун. Азыр жатып эс алалык да, кечке жакын ойлонолук. Курсагыбыз тоюп, башыбыз жазылып оңолуп эле калдык. Чала уйку канган жаныбыз, куш уйкуну бердик. Кечке чейин уктап алуубуз керек эмеспи. Кечке жетпей ойгондук. Бүгүнкү план айылга баруу керек. Шеф алып берген продуктылардан иреттеп, инди чай, сары майын алдым. Жеңеме 25 рубль берип койоюн дедим. Гүлүмкан да макул болду. Айтор жеңебиз биздин көчүктү жаап берсе болду го. Айткандай эле ревизорду шофер алып келди. Чыга калып шопурду чакырдым: — Бизди айылга подрушкабызга апарып келесиңби? — деп. Ал бошобой турганын айтып кетип калды. «Не кылабыз» деп турсам, ревизорго Гүлүмкан айтты жагдайды, «азыр мен Манапка чалам» деп. ревизор телефон чалса, Манап досу сразу макул болду. Бир сааттан кийин келип калаарын айтыптыр. — Гүлүмкан, сен сүйгөнүң менен сүйлөшүп тур, мен суйук тамак жасай салайын, — деп ашканага кирдим. Газга чай коюп, бери жагына казан астым. Менин тамагым бышып, дасторконду даярдап ичелик деп жатсак, Манап келди. Тамакты ичтик да, Гүлүмкан, мен, Манап болуп айылга жол тарттык. Жол узактыгы ашып кетсе жарты саат. — Силер барып келгиче мен эс алып жата турайын, — деп, Саке ревизор жатчу бөлмөсүнө кирди. Биз эшикти чаптырып жаап кеттик. Сүйлөшүп алгансып Манаптын да машинасы ак Нива экен. Жапжаңы сыяктуу. Арткы орундукка Гүлүмканды өткөрүп жибердик да, Манап экөөбүз катар отурдук. Жолдо ар кайсыны сүйлөшүп бардык. Баягы эле тамаша сөздөр. Каткырышып жатып айылга да жакындап калган экенбиз, огород жактагы көчөгө токтоттук да, Гүлүмкан экөөбүз огород менен үйдү көздөй жөнөдүк. Алыстан итим үрүп келип, үнүмдү угуп шыйпаңдап калды. Алмабакка жеткенде мен итти кармап турдум, Гүлүмкан мен үйрөткөн боюнча үйгө кирди. Кужулдашкан жеңем менен катар энем чыгып бери келишти. — Э айланайын, жети түндө не кылып жүрөсүң, келчи бетинен өөп койоюн, — деди апам. Апам менен өбүшүп, жеңемди кучактадым да, кулагына шыбырадым: — Сизге 25 рубль берем, жанымдагы кызды, Гүлүмканды сиздин сиңдиңиз деп айталы. Жеңем баш ийкемиш болду. — Апа, мен бул кудача менен келдим, үйлөрүнөн бир бөлмө бош экен. Жеңемдин эжесинин туугандарынын кызы экен, — деп айтсам апам: — Ии кокуй баса көзүмө жылуу учурады эле, келчи өөп койоюн, — деди. — Сен Гүлүмкансыңбы? — деди жеңем, басып келип Гүлүмканды өөп. Энемдин да санаасы тына түштү: — Иий балекетиңди алайын кудача тура, бетинен өөп койоюн, — деп Гүлүмканды чекесинен өөп. — Эне, караңгыда чалынасыз, үйгө кириңиз, мени агаларым көрсө не дейт, жеңем узатып койсун, сиз агамдарды чыгарбай алаксытып туруңуз. Энемди кетирүүнүн амалын ойлой айта салдым. — Мейлигиле, жолуңар шыдыр болсун, эч ким байкай электе жөнөгүлө, «баланчанын кызы эрге тийип жолу ачыла электе, түн катып салтты бузуп келип жүрөт» дешет, — деп апам наалый, үйдү көздөй бет алды. Мен даярдап койгон акчамды жеңеме суна: — Жеңе, каалаган белегиңизди алып алыңыз, бул суббота эмес, кийинки суббота келиңиз, келээрде бул телефонго чалып келиңиз, — деп, даярдап койгон баракка жазылган номерди акчага кошуп бердим. — Ай кыз, деги эмненин ичинен чыгып жүрөсүң, билбейм, эмки суббота барам, ошондо сүйлөшөлү, деги сак бол, — деген бойдон коштошо, биз алып келген пакеттеги май-чайды алып үйгө карай жөнөдү. Биз машина токтоп турган жакка жөнөдүк. Айтор айылдын проблемасы чечилди. Машинага келсек куш уйкуну салып, Манап уктап жатыптыр. Машинанын терезесин чертип, Манапты ойготтук. Чоочуп ойгоно эшикти ачты. Биз машинага отуруп шаарга сапар алдык. — Калбү, бүгүн мени жаткызасыңбы жаныңа? — Манап саныман чымчый сүйлөдү. — Көзүңдү карап айда, үйгө барганда үлгүрөсүң, азыр тынч! — дедим каткыра. Түндөгү окуяны Гүлүмкан айтып берип боорду эзди: — Ай Манап жигит, бүгүн акырын айкырышкыла, түндө бизди уктатпай чыктыңар, — деп. — Диван кыйчылдаганда кулагыбыз тунганычы. Түндөгү секстин планын аткардыңар, бүгүн маданияттуу ахылдашкыла. — Бүгүн чарчап турам, периштеден айрылбас үчүн жанына жатып эле кетсем болду. Кечээ планды аткарып, аспабым бүгүн шалпайып жатат. — Гүлүмкандын тамашасына Манап да ушинтип жооп кайтарды. Кажылдашып отуруп бат эле шаарга кирип келдик. Үйдү ачкычыбыз менен ачканда ревизор уктап жаткан экен, аны ойготпой үчөөбүз ашканадан арактан жүз граммдан сеп этип, бир чыныдан чай ичип жатып алдык. Манап менен бүгүн ачык шыбырашып сүйлөшө баштадым. — Сен челпектик калмаксыңбы, үйбүлөң жөнүндө кенен айт, — деп. — Мен аксуулук болом, бирок Челпекте иштейм. 5 балам бар, ата-энем бар. Башкы зоотехник болуп иштеймин колхоздо, ревизор Саке экөөбүз айыл чарба институтунда окуганбыз, ал экономистикин, мен зоотехниктикин. Студент кезде абдан дос элек, — деп күлүп алды. — Далай кыздарга чогуу барчу элек, далай сонун күндөр өттү. Ал Фрунзеде калды. Мен айылга келдим. Иш ушундай экен. А силер кайдан тааныйсыңар Саке ревизорду? — Гүлүмкан аркалуу тааныйм, — деп кутулдум. Күйөөм жөнүндө, окуум жөнүндө айттым. Бул үй Гүлүмкандын эжесинин үйү экенин, ал кай бирде келип текшерип тураарын, күйөөм да келип калышы мүмкүнүн баса белгиледим. — Айтор, бош болуп калсаң мага кабарлап кой, иш телефонду берем. Мени унута көрбө, эмки келгенде бир койдун этин ала келип берем, акчалай жардамдашып турам, — деп өтүндү. Ушунчалап бир түн калып жатса, бир кумарга батырып койойун деп жылмая, акырын өпкүлөй баштадым. Шыпылдай чечинип, аспабы шалпайса да аракет кылып саныма түрткүлөп козута баштады. Мен да колумду жиберип аспабын сылай тургузууга жардамдаштым. Жаш денемди, тырсыйган эмчегимди кармалаганда эле аспабы тырсыя түшүп, мага секирди. Аспабы адашпай кирип, катуу чабыттай баштады. 2 колу менин 2 алмамды мыжыгып жатат, аспабы шыкылдатып жатат, кара тер кеткен… Оо бир далайда барып аспабы бошоду. Кумары канып, ыраазы боло чалкасынан жатып калды. Далайга сүйлөшүп жаттык. — Тур эми ваннага жуунуп ал, аялың шекшинбесин, — дедим. Өзүм жуунуп алып, Манапты киргиздим ваннага. Жуунуп-чайынып келип, жаныма жатты. Ар кайсынын башын айтып атып уктап калыппыз. Эртең менен ойгонсок, Манап да, Саке ревизор да жок. — Калбү, дагы сабактан калдык, эми не кылабыз? — деди Гүлүмкан жардам күтүп. — Коркпо, — дедим эрдемсий, — биротоло 1-күндөн баштап калбай баралы. Справка табам, эми бизге врачтан ойнош керек болду, — дедим күлө. Тамакка көңүлүбүз чаппай, жатаканадан талашып жеген вермишелди кой, куурдак жегибиз келбей ыксырайбыз. Кечээки ичкен жүз грамм башты оорутат тимеле. — Кой Гүлүш, жасаналы да көчө жакка чыгып келели, жакшынакай курткабызды окшоштуруп киели, — деп, шефтер белек кылган куртканы, складдан алган көйнөктү, туфлини кийип, чачыбызды фарфыратып алып, көчөгө чыктык. «Миң кыял» фото салонун көрө сала, эстеликке сүрөткө түштүк. Андан чыгып Биринчи май көчө менен кетип баратканбыз, институттун жатаканасына чукулдай бергенде, маңдайыман Мурат чыгып жатпайбы. Ал мени суктана карады. — Ой Калбү, булуттан чыккан айга окшоп кайдан жүрөсүңөр Гүлүмкан экөөңөр? — Центрга баратабыз, өзүң кайдан, көрүнбөй? — Калбү, канча чалдым, трубканы эч ким алган жок, — Мурат жалооруй карады. — Же башка номер берип салдың беле? — Жок ай, квартира алмашылды, мына бул номерге чалып тур эми, — сумкамдан барак ручка алып, жаңы номерди жазып бердим. — Менден башкасы алса, башка бирөөнү сурап кой да. Биз кеттик, Мурат, шашып жүрөбүз. — Калбү, мейли анда, — колуман бекем кыса, коштошуп калып калды. Биз центрге келдик. Андан 6-маршруткага түшүп областной ооруканага бардык. Ал жакта аялдар врачын издеп жүрүп, айтор бизден улуураак жаш келинди таптык. Багыбызга түшүнүктүү келин экен, бойго бүтүрбөөчү дарынын тизмесин жазып берди. Кандай ичээрди, кандай кылууну үйрөттү. Колуна 10 рубль карматып: — 2 күнгө справка жасатып бере аласызбы? — десем, фамилия, окуу жайды тактап жазып алып: — Силер күтө тургула, — деп чыгып кетти. Экөөбүз кудайдан тиленип отурабыз. Кудай жалгап көп өтпөй справка жаздырып келиптир. — Эң пайдасы, эркек менен жатканда өздүк гигиенаны сактагыла, груша менен жуунгула, бул дарыны салып койгула, — деп толтура кеңеш айтты. Рахматыбызды айтсак: — Кыздар, каалаган убакта келип тургула, колуман келген жардамды аябайм, — деп телефон номерин берди. Мен да шыпылдап: — Балким биздин керегибиз тийип калаар, — деп, телефон номерди жазып бердим. — Жакшы тааныштардан болуп жүрөлү, — деп бизди кабинетинен узатып койду. ??? Жолубуз болгонуна сүйүнүп, маашырланып кайта маршрут менен центрге, андан 4-автобуска түшүп үйгө жакын жерден түшүп калдык. Үйгө келип канча күндөн бери оңураак жыйналбаган бөлмөлөрдү иретке келтирдик. Справканы алып санаабыз тынды. Курсагыбыз ачып, тамакка аппетит тартып калган экен, эттен туурап, картошка куура салдык. Чай кайнатып, тердеп-кургап тамак ичтик. Ашказанга тамак барганы көңүлүбүз ачылып кетти. — Эми суббота, базарды өткөрүү керек, ревизор кетет, не кылсак? — деди Гүлүмкан. — Ошол да баш оорубу, дагы бирдеңке ойлонобуз, негизи бир идея бар. Дагы ойлонуштуруп сага айтам, — деп Гүлүмканга жылмайып койдум. Телефонго келип, Манаптын иштеген жерине чалдым. — Ало, — трубканы жаш кыз алды. — Манап агага руксат бекен, Мен Калбү, шаардык ветеринариядан чалып жатам. Мага бир кагаз берүүсү керек эле. — Жарайт, келсе айтып койоюн, — деген кыз трубканы койо салды. Шүмүрөйүп настроением түшө түшкөндө кайра телефон шыңгырады. — Ало, — дедим. — Калбү Бейшенбиевага мүмкүн бекен? Жаш тааныш келиндин үнү чыкты. — Мен угуп жатам, айта бериңиз. — Калбү, мен гинекологмун, жана таанышпадык беле, силерге справка жасатып берген. — Ии тааныдым, не болуп кетти, справка туура эмеспи? — Жок справка туура эле, сиздерге да кысылып айта албай жатам. — Айта бериңиз эми. — Калбү, эртең туулган күнүм эле, биртике досторум майрамдаталы дейт, же кыздардан досторум жок, экөөңөр мени менен майрамдашып келбейсиңерби, мага курбу болуп? — Макул, — дедим ойлонбой. — Эртең кай маалда? — Түштөн кийин, — деди тиги, — Мен сиздерге кабарлашам өзүм. Трубканы койо сала турган ордуман секирдим. — Ураа Гүлүмкан, эртең тойлойбуз. — Каяктагы той? — Мени таң калыштуу карады. — Гинекологчу жанагы, эртең түштөн кийин майрамдоого чакырды бизди. Баралы, пайдасы тиет. Гүлүмкан да мени коштоду. Эми тиги шеф ревизорлорго шылтоону кантүү керектигин тактадым. — Тигилерге «айылга кеттик» дейли, — дедим. Кечки тамакка кам көрө баштадык, бүгүнкү күн ревизордун акыркы күнү болуу керек, шеф да келүүсү мүмкүн. Антип-минтип тамак жасап, ар кайсыны сүйлөшкүчө эшиктин коңгуроосу кагылды. Глазокту карасам ревизор менен шеф экен. Эшикти ачаарым менен үйгө киришти. Шеф бетимен өөп учурашып, ревизор байкатпай мага көз кысты да: — Калбү сени күтүп саргайды, качан келип тураарыңды саргайтпай айтып кетсеңчи, — деп шефти далыга таптады. Кийимдерин илгичке илип, залга өтүштү. — Бүгүн ревизиянын акыркы күнү, ийгиликтүү так бүтүшүн майлайбыз! — дешип көңүлдөрү ачык. «Алып келген эч нерселери жок, эмнени майрамдайт? » деп таң калып койом. Аңгыча тамак даяр болуп, тамакка чакырдык. — Жүрүңүздөр, тамак ичиңиздер, — деп. — Периштелердин тамагын ичпесек болбос, бирок азыраак ичели. Каракол ресторанына заказ бергенбиз, андан ары Аксуу курортуна барып келебиз. Шеф ушундай күчтүү настроение менен сүйлөп жатты. Ал жакка дагы башка тааныштарынан экөө барат имиш. Гүлүмкан экөөбүз жасаган тамактан аздан ичишти да: — Сулууланып, жакшы кийингиле! — дешти. Гүлүмкан экөөбүз складдан алган көйнөктү кийип, капрон колготки, чехский туфлини кийип, чачтарды жасалгаладык. Аңгыча шефтин шоферу келип, бизди Каракол ресторанына таштады. Каракол ресторанынын ичи шумдук даярдалгандай көрүндү. Айылдык бизге ошондой эле көрүнөт да. Даярдалган столдо бир келин, 2 жигит отуруптур. Төртөөбүз да алардын катарынан орун алдык. — Таанышып алгыла, — деди шеф, — Бул менин жакын адамым, Калбү, ары сулуу кыз Калбүнүн дос кызы, бир чети Саке досубуздун жакын адамы. Ал эми бул досум Автобазанын бир жагын чойот, аты Кубаке, тигил досум профсоюз комитетин башкарат, аты Кендирбай, жанындагы келинчек Кубаке досумдун жакын адамы, завмаг болуп иштейт. Мына эми баарыбыз тааныштык, ушул таанышкандарыбыз үчүн алышыбыз керек. — Шеф тейлөөчү балага карады: — Коньяктан куйчу. Тейлөөчү бала коньяктан куюп, ар бирибизге сунуп жатты. Шеф ордунан тура: — Кана эми, алып ийгиле, — деп коньяк алынып, анын артынан шашлык, түрлүү тамактардан жеп, кичине кызып алдык. Аңгыча шеф: — Ай Калбү, бул Кербенбай досума кыз жок беле досторуңан, ойлонуп көрчү, — деди башын кашып. — Эртерээк айтканда тапмакпыз, азыр кайдаан, — деп каткырдым. Менин шайырлыгым тиги Кербенбайды да кайдыгер калтырбады, улам мен жакты карап койот. Жөн калбай мен да мээримдүү жылмайып койом. Айтор баардык эркекти каратуу мага адат болуп алды. Коньяктар дагы ичилип, көңүл ачылып, өзүбүздү эркин сезип калдык. Жакшы эле майрамдап жатканбыз, аңгыча шефтин шоферу келип, шефти чакырып кетти. Ошону менен шеф жок, калгандарыбыз шумдук майрамдап отурдук. — Периштелер кенен отура турсун, биз сыртка чыгып келели, — дешип эркектер чыгып кетишти. Завмаг эжебиз бизден 8 жаш улуураак экен, жакындан таанышып, убакыттан пайдаланып: — Калбү, сен тиги шефиңди коюп, Кербенбайды чап. Шефтин аялынын кайын-журту кыйын, анча-мынча бийлик бербейт, анын үстүнө билип калса аялы сени жөн койбойт. Тиги Кербенбай мыкты, аялын ооз ачырбайт, битиребейт дагы, — деп кеңеш айтууга үлгүрдү. — Байкаштырайын мен да, — дедим күлүп. Сырттан эркектер кирип, кеңешип келиштиби: — Аксуу курортуна кеттик, — дешти. Бир сыйра коньяктан ичтик да, ордубуздан туруп машиналарга жөнөдүк. Ревизор менен Гүлүмкан Кубакенин машинасында, завмаг эже болуп төртөө отурушту. Мен Кербенбайдын машинасына отурдум. Шефке салыштырмалуу Кербенбай тың, анан жашыраак экен. — Калбү, капа болбосоң өзүң жөнүндө кичине айтсаң, мага сен жөнүндө билүү кызыктуу. Суроосун кыйпычыктабай ачык бергени жагып кетти. — Күйөөм бар айылда, өзүм шаарда училишада окуйм. А өзүңүз жөнүндө айтыңызчы. — Мен областык профсоюзда иштейм, аялым, балдарым бар, бирок сенин шефиңдей коркок эмесмин. Анын үстүнө аялымдын жашы да өтүп калды, оорукчал, мага руксат берген, «түз жүр бирөө менен, мага, балдарыңа билдирбе» деп. Айласы барбы, өзү оорукчал болсо, дагы кээ бир аялдарча акмак эмес. Мен балдарды, үйбүлөмдү жакшы карап турсам болду эмеспи аялыма, ара-чолодо сендей сулуу бир периште таап алсам андан да жакшы болоор эле. Баардык жагынан жардам берет элем. Менден «не сөз чыгат» деп күткөнсүдү. Унчукпай койдум. Аңгыча Аксуу курортуна жете келип, заказ беришкенби, бассейнине кирдик. Деле шумдук. Мындай бассейнди көрө элек элем. Уялышпай эле турсичен түшүп киришти. «Манастан Чубак кем бекен» деп мен да кирип кеттим. Гүлүмкан менен завмаг эже онтойсуз турушат. Аларга көңүл бурбай жылуу сууда чумкуп жыргадым. — Калбүнүн ушул ачыктыгы жагат, — деди Саке ревизор, — Калбү менен жүргөн адам түк зерикпейт. Жарты саатка жетпей тигилер чыгып кетип, Кендирбай экөөбүз бассейнде калдык. Ал мага жакындап кучактап өзүнө имерди. Денеси оттой жанат тим эле. Мен да жөн калбадым, жабышып турганда имерип алайын деп, колумду мойнуна артып эркелеп кирдим. «Бул жерде жатчу жер жок кайдан секс болот» деп ойлогуча болбой бассейнден чыгарып, эшиктин капталындагы тамга такады да, бир бутумду өйдө көтөрүп алып, аспабын кыныма сойлотту. Аспабы кандай кирип кетти, билбейм, айтор туруп алып, экөөбүз кумарга бата баштадык. Бирок мага ыңгайсыз болуп, кулагына шыбырадым: — Кел, мен башкача туруп берейин, — деп. Бассейндин четиндеги цементке төрт аяктап артымды Кендирбайга тосуп бердим. Жылып кетпейин деп башымды тамга такап, Кудум иттей ал мени артыман аспабын киргизип өлгүдөй рахаттанып түрткүлөй баштады. Таамай ургулап жаткандыктанбы, аспабы жанжериме тийип, мен да өлүп-талып итче кыңшылап, анын аспабын чыгаргым келбей, таамайлап тосуп берип жаттым. Эки эмчегимден бекем кармап, улам теминип, эс албай мени жыргатып жатты. Тээ бир оокумда барып аспабы бошоп, бассейнге кирип чайкандык. — Калбү, жаным, тура турчу, жытыңдан искеп алайын, — деп улам өпкүлөйт, эмчегимдин үрпүн өпкүлөгөндө чыдабай каалап кеттим. Кербенбайдын аспабын кармаладым. Сылагыладым, тырсыйбай жиним келди. Акырын Кербенбайды бассейндин четине отургуздум да, эки бутунун алаасына кирип, үстүнө темине баштадым. Мына кызык башталды, Кербенбай чалкасынан цементке жатты ээрип. Үстүнө ой бойумча желип, улам аспабын матырамын ар точкасына тийгизип, моокумумду бир кандырып алдым. Байкуш алсыз койончо цементте жатты муздагына карабай. — Турбайсыңбы, астыңан сыз өтсө ооруйсун, — десем: — Койо турчу, махабат кумарына батып жыргап жатам, — деп болбой жатып алды. Бир далайда барып анан эсине келип кайра бассейнге кирди. Бир сыйра чайкандык да, сыртка тигилерди издеп чыктык. Алар да жөн калбай эки экиден ваннага кирип кумарга батып чыккан экен. Кубакенин машинасында арак ичип отурушуптур. Бизди көрө сала каткырышты. — Экөөң бизге ооз басырык жасабасаңар, шефке айтабыз! — деп. — Айта бергиле, шефтин аялы белем менчиктегидей, кимди кааласам, ошону менен жүрөм, — десем: — Тамашалап жатышат, и так бир шампан бар бардочокто, ошону ичели, — деп Кербенбай машинасына жөнөдү. Шарактап Кубакенин машинасына тыгылып алып, стакандап арак ичтик, анын артынан Кербенбай алып келген шампанды ичтик. Түн бир оокумдан өтүп кеткен экен. Кайра Пржевальскийге жол тарттык. Машиналарды кыбыратып айдап отурушуп, бир далайда жеттик окшойт. — Калбү, сенин жаныңда калып калайынчы, — деди Кербенбай. — Кой э, кошуналар байкаса уят, тиги ревизор Сакени «тайкебиз» деп койгонбуз, андан көрө телефон номеримди алып кал, мүмкүн болсо рабочий телефонду бер мага. Удобный моментте чала салам. Шылкыйып араң кетти үйүнө. Гүлүмкан, Саке болуп үйгө кирдик. Эч нерсеге көңүлүбүз келбей уйкусурап эле төшөгүбүзгө жыгылдык. — Калбү, тур, түш болуп калды, — деген Гүлүмкандын үнүнөн чоочуп ойгондум. — Тур, Калбү, түштөн кийин да конок бар эмеспи, ошого дайындалалы, мен суйук тамак жасагам, жуунуп келип ич. Туруп ваннага кирип чайканып чыктым да, столго келип отурдум. Гүлүмкан тамак куюп берип сөзүн улады: — Тиги Саке ревизор кетти, сени менен коштошоюн десе ойгончу түрүң жок, «Фрунзеге жеткенде кабарлашам, жакшы калгыла», деди. Калбү, сага 100 рубль, мага 250 рубль таштап кетти. Деги, Калбү, катуу майрамдап, акчалуу да болуп кеттик, ушул тапканыбыз өзүбүзгө буюрса экен. — Эй Гүлүмкан, тагдыр адамдын өз колунда. Кудай тагдырды ар бирибиздин колубузга берген, азыртан ойлонуп бир нерсеге жетпесек, карып кетсек бизди да чанып калышат, ушундай кезде не кааласак ошону жасатып алалы. Акылдуулана сүйлөдүм. Гүлүмкан башын ийкей мага ыраазычылык билдирди. — Рахмат Калбү, мени баары басынтчу, сен мени көтөрдүң, жакшы адамдар менен тааныштырдың. Кайдагы жинди жаш балдарга тряпка болгуча, булар бизге баарын сатып берип жатышат. Акчасын аябайт. Жүргөндөрүнө жараша бизди ыраазы кылып, уруп-сокпой сыйлап турушат. Мага да ушундай чөйрө жагып калды, — деп күлө сүйлөдү. — Гүлүмкан, анда түштөн кийинки конокко даярданалы, аяктан да жакшы тааныш таап калгыбыз бардыр, — деп кыялданып сүйлөп жаттым эле, телефон шыңгырады. — Ало, Калбү? — Ким бул? — Калбү, сыртка чыга калчы беш минутка. Бул мен, Кербенбай. Шашып домашныйчан чыга калдым. Машина жол жээгинде турат. Жакындаарым менен эшикти ача сала: — Батыраак түшө калчы, сөзүм бар, — деди. Машинага түшөөрүм менен Караколдун четине чыктык. — Калбү, кечээ мен сага рахмат айталбадым, бул коробкадагы алтын иймекти алып келдим сага атайын. Менин атыман белек, дайым тагына жүрүп, мендик болууну унутпооңду өтүнөм. Мен шашып жүрөм. Качан кезиге алабыз? — деди суроолуу. — Мен бүгүн айылга барып, биринчи күнү келем, анан сага кабарлашам, макулбу? А так, подаркаңа рахмат. Шашпай жууп берем, — дедим колумду мойнуна орой бетинен өөп. Кербенбай мени квартирамдын жанына таштап коюп кетти. Кичинекей кутучадагы алтын иймекти кармап, квартирага кирдим. — Гүлүмкан, карачы, алтын иймек берди кечээки Кербенбай. — Кана? — Гүлүмкан колуман кутучаны алып, иймекти көрдү да: — Кел тагып койойун, кут болсун иймегиң, өлө жыргатканыңдын пайдасы бу дагы! — деп каткыра, иймекти кулагыма такты. — Шумдук иймек экен, жакшы жарашып эле калды. — Эми келсе «Гүлүмканга да бирди алып кел, окшоштуруп тага жүрөлү» дейм, — дедим, жылмая Гүлүмканды кучактай. Менин сөзүмө ыраазы боло түшкөн Гүлүмкан мага карап жылмайып койду. Экөөбүз ар нерсени сүйлөшүп каткырышып, эмне кийип барабыз деп кеңешип жатсак, телефон шыңгырады. Трубканы алдым. — Ало. — Калбү сенсиңби? Мен врач кечөөкүчү, конокко чакырган, силер менен кайдан кезиксем болот? — Ленин комсомол көчөсү менен Биринчи май көчөсүнүн кесилишиндеги «Анар» магазиндин алдынан. — Макул анда, ровно саат 4тө кезигели. — Жарайт, биз күтөбүз, — дедим да трубканы койдум. — Гүлүмкан, бир сааттай убакыт бар экен, бир аз бирдеңке ичип алалы, ачка барбай, баш да ооруп жатат, кичине арактан калса бир аз ичип алалы. Тартынбай бодрый болгонго. Менин сөзүмдү Гүлүмкан эки кылбай чай коюп, ары жакта шкафта тыгылган жарты арактан өлчөп бир стакан куйду. Арактан сеп этип, чайдан ичип алып, жасанып кийиндик. Күзгүдөн карансам өзүмө кийимдерим жарашып, кычыраган эле чоңдордун кызындай болуп калыпмын. Аттиң чын эле чоңдун кызы болуп калсам, ушундай трактирис күйөө мени чанбайт эле, мен ушундай жаштайыман шумдук болуп кетпейт элем. Көзүмөн жаш кылгырып бетиме түштү. Байкуш Гүлүмкан байкай коюп, мени кучактады. — Калбү, сага не болду? — Ыйлаган жокмун, экөөбүздү ушундайга түрткөн акмактардан өч алгым гана келет. — Колумдун учу менен көзүмдүн жашын аарчыдым да: — Гүлүш, буюрса баарын жазалап, жүрөгүбүздү эс алдырабыз, биз көздөгөн максатка жетишибиз керек. Ал үчүн айла жок ушул жол менен баруубуз керек. — Гүлүмканды бекем кучактадым. — Чыдайлы Гүлүш, аз калды, баары жакшы болот. Кой, убакыт болуп калыптыр, кайгыбызды билдирбей күлүп жайнап чыгалы. Үстүбүзгө жаңы куртканы кийдик да, эшикти бекитип, жолукчу жерге жөнөдүк. ??? Биз Анар магазиндин алдына келгенде али эч ким келе элек экен. Келип калаар деп эки жакты абай карап байкоо жүргүзүп турдук. Көп күттүрбөй жаныбызга бир «волга» менен бир «жигули» келип токтоду. Ичинен врач эжекебиз чыгып, биз менен учурашты. — Кандайсыңар кыздар, жакшысыңарбы? Мен силерге эскертип койоюн, «биз мурунтан эле таанышпыз» деп койгула, сурап калышса, — деп бизге эскертти да, — Жүргүлө машинага түшөлү, — деп, машинанын эшигин ачты. Гүлүмкан экөөбүз «жигулинин» артына отуруп, врач эжебиз «волгасына» отуруп зуулдап жөнөдүк. Каякка баратабыз деп деле сураган жокпуз. Машина зуулдап Караколдун четине чыкканда гана сурадык. — Кай тарапка конокко баратабыз, жигиттер унчукпайсыздар го? — үнүмдү тамаша иретинде чыгарып күлө сүйлөдүм. — Жети-Өгүз курортуна, подружкаңар айткан жок беле? — Суроолуу тигилди айдоочунун жанында отурган сулуусумак, жашы ашып кетсе 30га чамалаган жигит. — Айткан, ошентсе да уурудан бешбетер унчукпай баратканыңардан сөз баштагым келди, — Каткырымыш болдум сөзүмдү айтып. — Шайыр кыз экенсиз, атыңыз ким? — Меники Калбү, дос кызымдыкы Гүлүмкан. — Машина айдап бараткан кишини алаксытпай барайын деп жатканым да, кыздар. Силер менен мен таанышып кирсем, айдоочу жигит да кызыгып кетип алаксып калабы дегенибиз. Курортко жетели, анан шашпай сүйлөшөбүз. — Менин атым Нурлан, ооруканада врач болуп иштейм, бул жигит да врач болуп иштейт. Калган сөздү жеткенде сүйлөшөлү, — деп эле керсейгенсип койду. Жиним келе түштү, бирок сыр бергеним жок. «Керек болсо ревизорлорду чөгөлөткөн Калбү силерди заматта өчүрөт» деп ичимен буулугуп жаттым. Бирок жаңы врач подрушкабыз үчүн унчукпай отурдум. Машина зыпылдап жетчү жерине жетип, врач эжебиз жигиттерге баштыктарын көтөртүп курорттун атайын даяр комнатасына кирдик. Шыпылдап столдорго алып келген заттарын коюп, эжебиз даярдап жатат. «Туулган күнү болсо, кой» деп биз да даярдаша баштадык. Байлардын укмуш дасторконуна көнүп калган жаныбыз, бул врачтардын жупуну столу жакпады. Столго тегерете отуруп, пшеничный аракты бузуп стаканга куюшту. Тосту врач эжебиздин жигити сүйлөдү: — Бүгүн Айнурдун туулган күнү экен, куттуктап койолу, менин жакшы каалоомо кошулсаңар алып жибериңиздер калтырбай. — Айнур досубуздун туулган күнү кут болсун, денсоолугу чың болсун, баарыңыздардан биринчи алайын, — деп стакандагы аракты алып жибердим. Мага удаа калгандары алып жиберди. — Айнурка, неге бул курортту тандап алдың эле? Туулган күндү бизге кеңешпейт белең, эжебиздин үйү бар эле. Жүрү ошол жакка тосолу, ушул да болмок беле. Баатырсына ичтеги арак ысытып сүйлөттү мени. — Эжемдин үйү 3 бөлмө, өзү Фрунзеге кеткен. Баары бар, баскыла кеттик. Ушу жер ылайыктуу болбой турат туулган күнгө, — десем: — Ырахмат, дос ушундайда билинет, — деп Айнур сүйүнүп кетти. Столдогу азмаз заттарды сумкасына жыйнап салып, баарыбыз Караколго жөнөдүк. Караколдун кире беришиндеги заправкага токтотуп, 20 литр бензин куйдуртуп бердим. Баягы серезный врачтар жок, улам бири мага подход түзүп, жакындай баштады. Машина зуулдап, бат эле биздин квартиранын жанына келип токтоду. — Машинаңарды бул балкондун тушуна койгула, терезеден карап турасыңар, — дедим. Баарыбыз жапырт квартирага кирдик. Гүлүмкан менен Айнурга: — Куурдак куура бергиле, — деп, мен магазинге чыктым. Магазин жакын эле болчу. Коньяк алдым. Аксуу суусундукка, 6 бутылка пиво, колбаса алдым. Үйгө кирсем эттен туурап куурдакты кууруп жатышкан экен. Столдун үстүн жайнатып, үйдө болгондун баарын койдук. Айнурдун сүйүнүчү чексиз. — Рахмат мени колдогонуңарга, кечээ эле силерге кеңешсек болмок экен, — деп улам-улам рахматын айтат. Куурдак бышып, столдун үстү жайнап, жигиттерди тамакка чакырдык. — Оу, — деди бирөөсү, — Жирный жашайт турбайсыңарбы, куурдак, столдун үстү жайнайт, баары прекрасно. — Дасторкон гана эмес, биз да прекраснобуз, жигиттер, жакыныраак отуруп, куурдактан алгыла! Гүлүмкан, коньяктан куйчу жигиттерге. Шайырлана сүйлөй сөзүмдү уладым. — Кымбаттуу досум Айнур, дагы бир жолу туулган күнүң кут болсун, сен үчүн айылдагы күйөөлөрүбүзгө барбай, бүгүн сени куттуктоо үчүн калдык. Достун досу ушундайда билинет. Кана эмесе алып ийиңиздер коноктор. Ушул сөзүмөн кийин тиги 2 врачтын көңүлү ачылып, жакшы сүйлөй башташты: — Рахмат кыздар, досуңар Айнур үчүн дасторкон жайып коноктогонуңарга, биз да силерге терең ыраазы болуп отурабыз, мындай кыздардын тосун алып жибербесек болбос. Удаа биринин артынан бири ичишип, куурдактан жеп көңүлдөрү ачыла башташты. Улам тост айтылып жатып, бир далай ичип ийген экенбиз, тыш караңгы болуп кеткен. Баягы серезный врачтар жалжактап, Гүлүмкан экөөбүзгө тийишип койот. Тамашалап биз да жем жегизбей жооп кылып жаттык. Майрамыбыз да бүтүп, Айнур мага шыбырады: — Калбү, комнатаң кенен экен, биз калып калбайлыбы, макул деп койсоң эми. — Ээ Айнур, күндө сенин туулган күнүң беле, бүгүн бир сен үчүн алакандай жерибизди да досторуңан аябайбыз да, андан көрө сага тиги детский бөлмө болобу, биз көнүп алган комнаталарга жата берели. — Болбогондочу, Калбү, сага ырахмат! Бир күнү сөзсүз бул сыйыңа жооп кайтарамын. Рахмат алтыным! — деп бетимен өпкүлөп жиберди. Ар бирибиз бирден жигит менен бөлмөлөргө кирип кеттик. Менин доляма Нурлан дегени тийди. Экөөбүз көпкө сүйлөшүп жаттык, мен да барктанып жабышпай жата бердим. Акыры аспабы жанын койбоду окшойт, өпкүлөп кучактап эле асыла баштады. Кантсе да врач да, кайсы точкадан эритишти билет, ар кайсы точкаларды кармалап, массаж жасап жатып менин чыдамымды түгөтүп жиберди. Канча карманайын десем да карманалбадым. Түртүп жиберип чалкасынан жаткырдым да, үстүнө минип алып, теминип кирдим. Отуруп алып темингенимде чыдай албай Нурлан да башын көтөрүп отурду да, бирибизди-бирибиз өлүп-талып теминип жаттык. Нурландан көл-шал тер кетти. Ага да болбой экөөбүз өлүп талып жатабыз. Бир далайда барып ахылдашып жатып, анан аспабы бошоду. Коомай жата колун мойнума оролто мени өзүнө тартып кучактады. — Ушунча темпераментный экенсиң, Калбү, тылагың ушунча ысык, чыгаргым келбейт, жаткым келет! — деп, шалбайган аспабын тыкканга аракет кылды. Анысы кайдаан кирет эле, арак ичкен киши шалдырап да калат эмеспи. Ал түнү төшөк кумары ушуну менен бүттү. Эрди-катындай кучакташып жатып алдык да, уйкуга кеттик. ??? Түнкү арак менен кеч жаткангабы, өлүктөй уктаппыз. Саат 10го чукул ойгондук. Туруп ваннага чайканып чыгып, чай даярдадык. Гүлүмкан адатынча суйук шорпо бышыра салды. Жигиттерибиз да ваннага жуунуп кийимдерин оңдоп кийинип, тамакка отурушту. Суйук тамак ичип, арактан жүз граммдан баш жазган соң, жигиттерибиз коштошуп алып кетишти. Айнур биз менен калып калды. — Рахмат кыздар, силерге ыраазымын ушунча, бир күнү мен да силерди коноктоп маган кылган жакшылыгыңарга жооп берип пайдам тиер, азыр жаңы иштеп баардык расходум эсептелүү, ошентсе да айтор бир ыгын табам, — деп жылмайды. — Ай Айнур, жигитиң битир экен, муну не кыласың, пайдалуулардан чаап берелиби? — Тамаша аралаштыра сурап калдым. — Тапкылачы ошондойлордон, бул жмотко бензинден өйдө куюп берем, бир шефтин шоферу, — деди мырыя. — Макул табабыз, бирок алар чалдар, сен аларды караар бекенсиң? Бул суроомо кыраан каткырды Айнур: — Калбү, мен аларга тийип жаттым беле, таба бер, пайдасын көрөлү! Баса, мен эжемдикинде турам, акырындап силер менен кабарлашып турам, срочный керек болсом, эжемдин үйүнүн телефону, — деп ручка сурап жазып берди да, биз менен коштошо чыгып кетти. — Мына Гүлүш, — дедим, — врачтан да дос күттүк, проблема чечилди. Эми айтчы сен, кечинде тиги врач менен болдуңбу деги? — Калбү, кантип эле жатпай калалы, бирок ревизордой сыпаа эмес экен. Негизи, жаштар аялды сыйлаганды билбейт окшойт. Сенин жатканыңды угуп алып күлкүдөн өлдүк. «Урбайт» деген справка менен урдура бересиң ээ досум, — бетимен чымчып күлүп сүйлөдү. — Ойлосом тынбай эле майрам болуп келе жатыптыр Гүлүш, бүгүн бир от души жаталыкчы эс алып, эртең сабакка барабыз. Справканы өткөрөлү, тиги строгий агайдын да карызын беришим керек. Ал да аялынын бойунда бар болуп, уругу тээп тешик таппай жатыптыр, — дедим күлө. — Ай Калбү, ошол агайдын сексин көрсөм болот эле, деле сабактан укмуш строгий. — Гүлүмкан тамшана сүйлөдү. — Андай жигит менен жаткан да арманда, жатпаган да арманда. — Э Гүлүш, жаткың келсе бат эле, аны конокко чакырып мас кылабыз да, минип аласың чыпылдатып, анан «мас болдук, ит болдук» деп аракка шылтап кутулабыз, давай ушинтип жигиттерибизди алмашып байкайлы, эрибиз беле, эртең бизден кетсе башканы минет. Гүкүш дейм, кандай дейсиң менин сунушума, же жакпайбы менин сөзүм? Менин суроомо кыраан каткырык менен жооп кылды Гүлүмкан: — Ай Калбү, ойлоп таппаганың жок, давай ошентип көрөлү. Каткырыгыбыз таш жарып күлүп жатканбыз, эшиктин коңгуроосу шыңгырады. Карасам шеф экен. Эшикти ачтым. Шефке удаа шоферу чоң коробка бирденкелерди ташып кирип жатты. Шеф болсо залга өтүп, мени өөп учурашты. — Кандайсың жаным, өткөндө кетип калып мага таарынган жоксуңбу? Мына, астыңа түшөйүн деп келдим. Зеригип атасыңар деп магнитофон кассетасы менен апкелдим. «Романтика» деген магнитофонду көргөндө сүйүнүп кеттим. Шеф кассетаны салып, магнитофонду токко сайды. Биринчи уккан ырым эле Алла Пугачеванын «Миллион алых роз» болду. Залдын эшигин катуу жаап, светти өчүрүп, мени менен вальс бийледи. Бийлеп жатып мойнуман жыттап, белимен имере тартып кучактап барып, диванга жыкты. Дүүлүгүп келгенби, ай-буйга карабай шымымды чечип, турсийимди ылдыйлатып барып, буту менен тартып салып аспабын кыныма сойлотту. Бир эки адашып барып аспабы түз эле кыныма кирди эле, үстүмөн желип охулдап жатты. Бир кезде аспабынын учу ысып, мен да эридим. Күүсү жетпей начарлап баратканда дивандан жерге түшүрдүм да, үстүнө чыгып алып желип баштадым. Улам бир точкама тийип махабат кумарына батам, улам тийгизем: — Алтыным, түшүрбөй койо турчу! — деп жалынам, айтор жыргалдын туу чокусуна жеткенимде гана аспабын аттырды. Шалдайып эле жатып калдык. Шеф жаныма жарты саатча жатты да: — Калбү, мен үйгө кетейин, таарынбачы, сени сагынып жетип келдим, — деп туруп кийине баштады. — Неге таарынат элем жаным, үйбүлөңдү ойлошуң керек, мен сен үчүн дайым даярмын, — деп калп назданып халат жамындым да узатып жибердим. Тазарайын деп ваннага кирип чайкандым. Андан чыгып ашканага кирсем, Гүлүмкан: — Май, чай, жашылча, конфет, дагы сервис, чоң мискейлерди апкелиптир. Мантоварка жапжаңы! — деп кудуңдап отуруптур. Карасам дасторкон майлык катындай болуп баары бар. Картошка, жашылчадан башкаларын коробкасы менен серванттын астына койдук. Май, чайларды, кофе, сметанадан өйдө апкелиптир. Продуктубуз кенен болуп жыргап эле калдык. Эми эртеңки окууга баруу гана проблема. — Калбү, машина табылса апамдар менен учурашып келелиби, абдан сагындым, — деди Гүлүмкан муңайып. — Айылым деле шаарга жакын, түнкүсүн барып келсек болоор беле, Калбү, апамды абдан сагындым. Тааныштарга айтып көрчү, балким алпарып келчүлөр чыгаар, бир сааттан көп кетпейт. Досумдун муңайган өңүндө, жашылданган көзүндө кусалык турду. Чын жүрөгүмөн аяп кеттим. Кайдагы бир каргашалуу желмогуздардын азабынан өз туулган айлына, туугандарына бара албай отурат. — Ал жагынан кам санаба Гүлүш, эртең сабактан келээрибиз менен Кербенбайга чалам, үйдө инди чайы толуп кетиптир, сары майдан алып, акчаңдан кошуп апаң менен учурашып келели. — Рахмат Калбү, ушу сен жок болсоң не кылаар элем, жатаканадан баары үйүнө кеткенде сомойуп жалгыз калчумун. Жан дүйнөм тарып, жүрөгүм ооручу. Мына эми сен бар, жалгыз эмесмин. Сен менин досум гана эмес, кеңешчи эжемсиң, сырдашчу сиңдимсиң, жана да курбумсуң. Акырын басып келип, мени кучактап шолоктоп ыйлады: — Мени жалгызсыратпай сени курбу кылган кудайыма ыраазымын, Калбү. Аяп кеттим Гүлүмканды, чынында мунуку көтөрүлгүс кайгы, ага караганда менде кайгы да жок, ата энеме бара алам, жаман да болсо күйөө деген аты бар күйөөм бар, көчүктү жапчу. — Гүлүш, болду ыйлабачы, андан көрө акчаларыңдын баарын чогултуп энеңе каттыр, чай, май, дагы заттардан кошуп апаңды сүйүнтөлү. Кой эс алалы, эртең сабактарды бүтүрүүбүз керек. Диваныма кыйшайып алып ойлонуп жаттым. Жаштыгымдын ар бир күнү өтүп жатат, күйөөмдүн мени менен иши жок, мен быйакта чалчык саздын ичинде батып жүрөм, ата бабамдын арбагы мени жек көрүп жаткандыр. Окуумду бүтүп ишке орношуп, өзүмө квартира алсам мындай балээлерден кутулуум керек. Акырындап өзүмө ылайыктуу жигит издеп, менин жандүйнөмдү түшүнгөн, мен кандай болсом, өзүмдү ошондой кабыл алган жаншерик табуум керек. Антпесем көрүнгөн чоңдун алдында ушинтип талпак болуп жүрө беремби? Мунун да чеги болот, акыры мен аялзатымын, жок дегенде энемин, балалуу болом, аларга тарбия берүүм керек. Ушул жүрүшүм болбойт. Ойлонуп жатып уктап кеткен экемин, ар жакта чыркыраган будильниктин үнүнөн ойгондум. Туруп жуунуп алып чай койдум, Гүлүмкан жак тымтырс. Бөлмөсүнө кирсем уктап жатат. — Гүлүш, тур чай ичелик, сабакка баралык. Энтигип чоочуп ойгонду. Сыягы чоочуп жаман түш көргөн окшойт. Чай кайнап, жумуртка кууруп жибердим. Гүлүш экөөбүз ээрчишип алып сабакка бардык. Биринчи эле кураторго кирдик. Куратор эжейге справканы сунсак: — Эми калбай окугула кыздар, оорубагыла. Баса, Бейшенбиева, сени Алик агай «мага кудачам, көз салып кой» деп катуу табыштады, эми сага көз сала турган болдум, — деди жылмая. — Алик агайдын кудачасы мен болсом, менин кудачам Гүлүмкан, эжей, экөөбүзгө тең көз сала жүрүңүз, биз да сизди таарынтпайбыз, буюрса чакан подаркабыз болот, эжей. Чоңдор менен жүрүп тартынбай калган жаным, куратор жөнөкөй көрүнүп айта салдым. — Бейшенбиева, сен өтө ачык, анан түшүнүктүү кыз экенсиң го, күтөм подаркаңарды, кышкы чейректериңердин бүтүшү менден болот, — деп жымыйды. — Сабакка кечикпей кирелик, — деп, куратор менен коштошо сабакка кирдик. Сабак деле мээге кирбейт, айтор өтүлүп жатат да, биз отурабыз келди аты кылып. 2 пар бүтүп, 3-пар строгий агайдыкы болду. Бул агай кууланып сабагын аяккы парга койот. Эки ишти бир бүтүрүп, үйүнө кеткиси келет. Кыскасы бир ок менен эки койон атып барат. Сабак өтүп жатканда көзү эле менден өтө берет, мен партага башымды шылкыйтып жатып алам. Бүгүн да сабактан кийин кезиккиси келип тур. Көзүнөн көрүнүп турат. Айттырып чакыртпай баруу керек буга, кыздарга шек билгизбей. Пар бүттү. Гүлүмканга сумка, ачкычты карматтым да, агайдын кабинетине жөнөдүм. Эшикти ачып кирээрим менен строгий агай сүйүнө учурашты. Өзү туруп барып эшикти бекитти да, ичкери кирдик. Ички бөлмөгө узун стол коюп койгон экен. — Калбү, окшош жатуу кызыксыз экен, ушул столго тоңкойчу, белиңди ылдый кылып, башыңды столго койчу, — деди. Мен тоңкойуп, столго бетим менен жаттым. Строгий агай шым-турсийимди тиземе чейин гана шыпырды да, аспабын киргизип, түртө баштады. Бир аз түрткүлөп чарчады окшойт, удобный болбой токтоп калды. Жөн турамбы, аспабын чыгарбай туруп, башымды көтөрдүм да, тоңкойуп төрт аяктап туруп бердим, итке окшоп. Эми туура болду окшойт, агай аспабы менен тылагымды тыта баштады. Өлүп-талып жатат. Мен да кызыктырып, жамбашты улам артты көздөй түрткүлөп койом. Эки колу менен эмчекти мыжыгып айда бир урдурду. — Калбү, сенин кының жагат, бул жакта кээ бир кыздардын кыны жалжайып кеткен, сенин эмчегиң да катуу, кының да тар. Агай аспабын бошотуп жатып ушуларды айтты. Демек, мени гана эмес, училищадан далай кызды жайлайт экен го.